Акыйкатчы институту кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

10/05/2024 - 16:31

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук административдик кызматтарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Конкурстка катышуу үчүн 10-майдан  20-майга чейин (17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 120, каб. № 207, тел.: (0312) 66-32-97.

Конкурстун толук шарттары-тиркелген файлда.

Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт.



Дополнительные материалы:

File Конкурстун толук шарттары