Акыйкатчы институту Бишкекте Адам укуктары боюнча борборазиялык хаб түзүүнү сунуштоодо

03/07/2023 - 15:48

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Астана шаарында Европа Кеңеши жана Евробиримдиктин өкүлчүлүгү уюштурган Борбор Азиядагы укуктун үстөмдүгү боюнча программасынын аймактык жетекчилик комитетинин экинчи жыйынына катышты.

Программанын башкы максаты - адам укуктарын, демократияны жана укуктун үстөмдүгүн европалык жана башка эл аралык стандарттарга ылайык чыңдоо жолу менен жарандардын жашоосун жакшыртуу.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча программанын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын тааныштырышты, ошондой эле Борбор Азиянын өлкөлөрү менен Европа Кеңеши жана Евробиримдиктин укуктун үстөмдүгү маселелери боюнча кызматташтыгынын негизги артыкчылыктары менен келечегин белгилешти.

Аппараттын жетекчиси өз сөзүндө Акыйкатчы институту менен Евробиримдиктин, Европа Кеңешинин адам укуктары жаатында эл аралык стандарттарды колдонуу маселелери боюнча кызматташтыгынын маанилүү экенин баса белгиледи

Ошондой эле ал аймактык деңгээлде адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттарын киргизүү багытында көбүрөөк тыгыз кызматташуу ниетин билдирди. Адам укуктары жаатында стандарттарды натыйжалуу колдонуу үчүн аталган программаны улантуунун алкагында аппарат жетекчиси Бишкекте Адам укуктары боюнча борборазиялык хаб түзүүнү колдоону өтүндү.

Аталган институттун негизги миссиясы - борборазиялык аймакта адам укуктарынын жогорку баалуулуктарын изилдөө жана илгерилетүү, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоонун эң мыкты тажрыйбаларын жалпылоо жана бул аймакка аларды киргизүү, адам укуктарына байланыштуу маселелерди талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгыш үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү, адам укуктарынын баардык маселелерине илимий ыкма, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн мыйзамдарын эл аралык стандартка интеграциялоо жана системалаштыруу болмокчу.

Жыйында Акыйкатчы институтунун Бишкекте Адам укуктары боюнча борборазиялык хаб түзүү боюнча сунушу колдоо тапты.