Акыйкатчы Институту аскерге чакырылгандарды топтоо пунктунун шарттарына мониторинг жүргүздү

28/05/2025 - 11:40

КРнын Акыйкатчы Институтунун (Омбудсмени) кызматкерлери аскерге чакырылгандардын жана кызмат өтөп жаткан жоокерлердин укуктарынын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүп келет. 

Бул жолу Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Коргоо министрлигинин Республикалык топтоо пунктунда шарттарды текшерди. 

Институттун кызматкерлери казарма бөлмөлөрүн, жуунучу жайларды, санитардык түйүндөрдү (даараткана), ашкана, видеокөзөмөл тутумун жана башка маанилүү объекттерди карап чыгышты. 

Ошондой эле, аталган топтоо пунктунун күзөттөгү 3 жоокери жана аскердик милдетин өтөөгө чакырылган жарандар менен жеке маек жүргүзүлдү. Алардын жашоо-шарттары, ден соолугунун абалы, гигиеналык шарттар жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча пикирлери угулду. 

Республикалык топтоо пунктунун жетекчилиги менен аскерге чакыруу жараянынын уюштуруудагы кыйынчылыктар жана көйгөйлөр талкууланды. 

Институттун кызматкерлери барган учурда Республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылган 50дөн ашуун жигит болгон. 

Мониторингдин жыйынтыгында, төмөнкү кемчиликтер аныкталды. 

Санитардык-гигиеналык шарттар өтө начар абалда.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын 174-пунктуна ылайык, ар бир 15–20 адамга бир душ бөлмөсү (душ кабинасы) жана ар бир 5–7 адамга бир кол жуучу жер болуусу шарт.

Бирок, топтоо пунктунун аймагында болгону төрт гана кол жуучу жер жана бир душ бөлмөсү орнотулган. Бул белгиленген ченемдерден кыйла аз. Санитардык түйүндөр эскирип, оңдоого муктаж.

Даараткана сыртта жайгашкан. Ал дагы санитардык талапка жооп бербейт. 

КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызмат уставынын 190-пунктуна ылайык, “Сыртта жайгашкан дааратканын чуңкурлары терең суу өтпөгүдөй казылып,  жашаган жерден 40–100 метр алыстыкта жайгашышы керек. Даараткана чуңкурлары убагында тазаланып, дезинфекцияланышы зарыл. Ал ар 10–12 адамга бир жабылуучу кабина менен камсыз болуп,  таза кармалып, күн сайын дезинфекцияланып, жакшы желдетүү жана жарык менен камсыз болушу шарт”. 

Бул талапка карабай, Республикалык топтоо пунктунун дааратканасы эски, тийиштүү тазалык каражаттары жок жана тазаланбайт.

Жогорудагы айтылган гигиеналык талаптардын сакталбаганы аскер кызматкерлеринин жана жоокерлердин саламаттыгына зыян келтириши толук ыктымал. 

Ал эми коопсуздук жана видеокөзөмөл жаатында да көйгөйлөр бар. Алсак, казарманын ичинде жарык жетишсиз, айрым бөлүктөрүндө лампалар иштебейт. Видеобайкоо чектелүү гана аймактарды камтыйт. Бул тартип бузууларга жана уставдык эмес мамилеге жол ачышы мүмкүн.  

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева жогорудагы кемчиликтердин жана укук бузуулардын негизинде Коргоо министрлигине атайын сунуштамасын жөнөтүп, бул мыйзам бузууларды жоюу жана шарттарды камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө чакырып, кат жолдоду. 

Коргоо министрлиги Акыйкатчынын катынын негизинде кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлер тартип жоопкерчилигине тартыларын билдирди. Ошону менен катары эле, күзгү аскерге чакырууга чейин кемчиликтерди оңдоорун маалымдады. 

Акыйкатчы аскер кызматын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын толук сакталышына өзгөчө көңүл буруп, көз салууну улантат. 

Жамиля Жаманбаева мыйзамдардын жана эл аралык укуктук нормалардын негизинде, ар бир жоокер жана чакырылуучу мамлекеттин камкордугунда болушу шарт экенин белгилейт.