Акыйкатчы БУУнун кыйноолордун алдын алуу комитетинин төрагасынын орун басары менен жолугушту

30/06/2025 - 14:42

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева БУУнун кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча комитетинин делегациясы менен жолугушту.

Акыйкатчы Бишкекке иш сапары менен келген БУУнун жогоруда аталган комитетинин төрагасынын орун басары Элина Штейнертени жана Кыргызстандагы баяндамачысы Ник Кварацхелияны кабыл алды. 

Жолугушууда кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук механизмдери, БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы жана Жогорку Кеңеш жакында кабыл алган “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамы тууралуу талкуу болду. 

Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө, Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнүн конституциялык мыйзам менен жөнгө салынышы биринчи кезекте, бул органдын адам укуктарын коргоочу конституциялык институт катары укуктук статусун бекемдөөгө, ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгиледи. 

Жаманбаева Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Акыйкатчы Институту менен биригишинен кийин бул багыттагы иштер жигердүү улантыларын баса белгиледи. 

“Улуттук алдын алуу механизми Акыйкатчы Институтунун кеңейтилген мандатынын алкагында көз карандысыз, ыкчам жана эл аралык принциптерге таянып иш жүргүзөт”, - деди Акыйкатчы. 

Акыйкатчы Институтуна акыркы 4 жыл ичинде кыйноолор боюнча 81 арыз келип түшкөн ( 2024-жылы 36 кайрылуу болду), ошону менен катары эле жабык жайлардагы кармоо шарттарына 233 жаран даттанган.

Жамиля Жаманбаева институт кыйноолордун алдын алуу иштерин дагы активдүү жүргүзөрүн белгиледи. 

Мисалы, 2024-жылы институт тергөө абактарына, убактылуу кармоочу жайларга жана пенитенциардык мекемелерге 258 мониторинг жана инспекция жүргүзгөн. 

Ал эми 2025-жылдын биринчи кварталында 83 мониторинг жана инспекция ишке ашты. 

2024-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга 36 көңүл буруу акты жөнөтүлүп, жыйынтыгында, укук коргоо органдарынын 16 кызматкери жоопкерчиликке тартылган.

Кыргыз Республикасынын “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Акыйкатчы кармалгандарды, убактылуу камоодо, жазасын өтөп жаткандарды, мажбурлап дарылоого жана тарбиялоого багытталган жайларды, анын ичинде психиатриялык мекемелерди тоскоолдуксуз кыдырууга укуктуу.

БУУнун комитетинин төрага орун басары Элина Штейнерте белгилегендей, Кыргызстан Факультативдик протоколго кошулган 90 мамлекеттин бири катары кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелерди алган.

“Мыйзам долбоордо Кыйноолордун алдын алуу борборунун милдеттери Акыйкатчы Институтуна өтөт деп жазылган, бирок анын жол-жобосу так белгиленген эмес.  Акыйкатчынын Жогорку Кеңешке көз карандылыгы дагы бизди тынчсыздандырууда. Эгер депутаттар сиздин жылдык баяндамаңызды жактырбаса, сиз кызматтан кетесиз. Бул болсо алдын алуу механизминин жетекчилигинин да алмашуусуна алып келет дегенди билдирет. Андай болбошу керек. Кыйноолрдун алдын алуу боюнча улуттук борбору  көз карандысыз орган катары сакталышы шарт. Акыйкатчы Институтунун ишмердиги адам укуктарын кеңири, бардык тармагын камтыйт. Ал  эми Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор бир эле багытта иш жүргүзөт”, — деди БУУнун комитетинин төрагасынын орун басары. 

 

Элина Штейнерте Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары улуттук алдын алуу механизмин кандай форматта ишке ашырарын өзү чечерин белгилеп өттү.

“Биз сиздерге колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Факультативдик протоколдун “жүрөгү” Кыргызстанда согуп турушу өтө маанилүү. Эгерде мыйзам кабыл алынып, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Акыйкатчы Институтунун түзүмүнө кирсе да, иштөө багыты ошол бойдон калышы керек. Биз улуттук механизмдин өлкөдө ишин уланта бериши үчүн кызматташууга даярбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Жамиля Жаманбаева мыйзамга Президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборду институтка кошуу боюнча план жана программа иштелип чыгарын билдирди.