Акыйкатчы бизнес жүргүзүүдө адам укуктарынын сакталышынын маанилүү экенин билдирди

04/07/2023 - 15:30

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН)  “Бизнес жана адам укуктары” менен “Кыргызстанда адам укуктарын коргоону күчөтүү жана акыйкаттыкка жетүүнүн теңдиги” деп аталган долбоорлору боюнча жолугушууда бизнес жүргүзүүдө адам укуктарынын  сакталышы маанилүү экендигин билдирди.

Анын айтымында, базар экономикасынын шарттарында жана транс улуттук корпорациялар, бизнес-ассоциациялар менен ишканалардын саны өсүп жаткан маалда бизнес-түзүмдөрдө адам укуктарын кыйшаюсуз сактоо бүгүнкү күндө абдан мааниге ээ.

“Бизнес-түзүмдөр өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө адам укуктарын мамлекет сыяктуу эле сактоого милдеттүү деген түшүнүк жогорулоодо. Ошол эле маалда бизнес жүргүзүүдө адам укуктарын кыйшаюсуз карманаарын расмий билдирген бизнес-структураларга мамлекеттен жеңилдиктерди берүү да маанилүү”,-деди Джаманбаева.

Акыйкатчы бизнес жүргүзүүдө Бириккен улуттар уюмунун жетектөөчү принциптерин киргизүү оң жыйынтыктарды берип келгенин эскертти:

көмүскө экономиканын деңгээлинин азайышы;

сапаттуу жумуш орундарынын түзүлүшү;

ички жана тышкы миграциянын маселелеринин чечилиши; 

калктын аярлуу катмарынын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши.

ПРООНдун “Мамлекеттик башкаруу жана социалдык биримдик” программалык багытынын жетекчиси Эркин Уразбаеванын айтымында, ПРООНдун долбоору башталгандан кийин бир жылдын ичинде Кыргызстан бизнес-түзүмдөрдө адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууга дагы бир кадамга жакындады.   

“2022-2023-жылы бул программага катышкан 13 мамлекеттин ичинен Кыргызстан менен Тунис гана  “Бизнес жана адам укуктары” жаатындагы  улуттук планды иштеп чыгышаарын расмий билдиришти. Бул айда Монголия алгачкы Улуттук планын кабыл алганын жарыялады. “Бизнес жана адам укуктары” долбоорунун эки глобалдуу максаты бар:

жапон компанияларынын жана алардын бизнес-шериктеринин адам укуктары жаатына тиешелүү көңүл буруусун күчөтүү;

“Бизнес жана адам укуктары” жаатында улуттук планды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга Өкмөттөргө техникалык колдоо көрсөтүү.

Кыргызстанда биз аталган принциптерди колдонууну 53 ишкана жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнө үйрөттүк. Кийинки жылы Япония менен шериктеш болуп иштеген дагы 40 компаниянын  өкүлдөрүнө ушундай эле окууларды өткөрөбүз. JICA уюму бизге көмөктөшөт деген ниеттебиз”,-деп айтты ал.

Андан соң Акыйкатчы институту менен КРнын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык көмөк кызматынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы болду.

Джамиля Джаманбаева мындай келишимге кол коюнун негизги максаты-кесипкөй юридикалык жана консультациялык-укуктук көмөк көрсөтүү, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча эл аралык сунуштамалар менен стандарттарга ылайык акыйкаттык менен укуктук көмөккө жетишүүнү жакшыртуу экенин белгилеп өттү.

“Бул келишим көрсөтүлүп жаткан юридикалык тейлөөлөрдү сапатын жогорулатууга жаңыча дем берет жана биз Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин биргелешип камсыздай алабыз деген ниеттемин”,-деп айтты Акыйкатчы.