Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан Референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы

14/04/2021 - 14:01

Жарандардын конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн 2021-жылдын 10 жана 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери жана жети облусттагы регионалдык өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата мониторинг жүргүзүп, ага биринчи күнү борбордук аппараттан 27 кызматкер катышып, 80 УШК камтылса, регионалдык өкүлчүлүктөн 24 кызматкер катышып, 73 УШК камтылган. Ал эми экинчи күнү борбордук аппараттан 29 кызматкер катышып,84 УШК камтылса, регионалдык өкүлчүлүктөн 22 кызматкер катышып, 76 УШК камтылды. Мындан тышкары мамлекеттик органдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу үчүн 6 кызматкерден турган мобилдик топ түзүлгөн. Бул ишке КР Акыйкатчысы Токон Мамытов өзү жетекчилик кылды.

Төмөнкү маселелердин сакталышына мониторинг жүргүзүлдү:

1. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан шайлоочуларга карата добуш берүү процедурасынын сакталышы;

2. Жашыруун добуш берүүнү камсыз кылуу;

3. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан муктаж шайлоочуларга тийиштүү жардамды камсыз кылуу;

4. Добуш берүүчү жайда шайлоо мыйзамдары боюнча арыз, даттануулар (арыздын мүнөзү жөнүндө маалымат) барбы, арыздар канааттандырарлык түрдө каралып жатабы (даттануулардын саны), кандай чаралар көрүлдү (кайда жөнөтүлдү, ким тарабынан ж.б.);

5. УШКнын аймагына ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга шарт түзүп берүү;

6. Эпидемиологиялык стандарттарга шайкештик (маскалар, антисептиктер ж.б. барбы);

7. Ооруканаларда, камак жайларында (ТИЗО, УКЖ) добуш берген шайлоочулардын саны;

8. Шайлоочулардын массалык жөнөтүүлөрүн байкоо; ж.б.

Мониторингдин жыйынтыгында шайлоо жараянынын 20 мыйзам бузуу белгиси катталды.

Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери тарабынан түздөн-түз шайлоо участокторунда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө байланыштуу негизги көйгөйлүү маселелер бар экендигин белгилей кетүүгө болот.

 – добуштарды каттоонун автоматташтырылган тутумунун айрым учурларда иштебей калышы, натыйжада, тандоо укугуна мүмкүнчүлүктү чектөөнүн айрым фактыларына алып келди, бул шайлоо комиссиясынын талаптагыдай даяр эместигинен;

– ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо процесстерине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жетишсиз даярдык, б.а. айрым УШКларда пандустар жок болгон, бул милдеттүү талап;

– добуш берүүнүн купуялыгын бузуу, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн үкөктөрдүн жанында турган учурлар болгон, бул добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу болот;

– санитардык талаптарга жооп бербеген жагдайлар катталган, тактап айтканда, аралыкты сактабагандык, УШК мүчөлөрү өздөрү маска кийбеген;

 – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын ишине тоскоолдук кылуу фактылары болгон, б.а. Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын БШКдан жолдомо алуу зарылдыгын жүйөө келтирип, мониторинг жүргүзүүгө тыюу салынган;

– МТУ кызматкерлеринин кийлигишүүсү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу, айрым жарандардын (шайлоочунун) шайлоо укугу, шайлоо процессине катышкан башка адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам, көчмө добуш берүүдө добуш берүүнүн натыйжаларын жокко чыгаруу;

– ҮМБнын башкы дарыгери шаардык саламаттыкты сактоо департаментин Бишкек шаарынын дарыгерлери референдумга катышууга милдеттүү деп айыптап жатат деген маалымат ММКларда жарыяланды, бул аракеттерге укуктук баа берилет, эгер факт тастыкталса, бул конституциялык укук бузгандык;

– Мындан тышкары, мониторингдин жүрүшүндө кээ бир адамдар Форма– 2 жоюлгандан кийин көптөгөн жарандар добуш берүү укугунан ажыратылганы айтышты, ошол эле учурда алар Форма-2 жоюу шайлоонун ачыктыгына оң таасирин тийгизгендигин билдиришти. Алар социалдык-экономикалык жагдайларга байланыштуу, каттоодо турган жери жок болууга аргасыз болгон адамдар үчүн альтернативдүү механизмди камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.

– Шайлоочуларга пара берүү боюнча арыздангандар болду, мисалы, Акыйкатчы институтунун кызматкери бир жаранга түшүндүрмө берип, милиция келгиче ошол жерде жүргөн.

– мониторинг жүргүзүү учурунда, шайлоо учурунда үгүт жүргүзүү түрүндөгү мыйзам бузууларга жол берилген;

 – УШКнын айрым мүчөлөрү референдумда добуш берүүдөн баш тартуу жөнүндө актыга кол коюуну сураганда, референдум добуш берүү же добуш берүүдөн баш тартуу жөнүндө укукка байланыштуу суроолор пайда болду, жарандар үчүн чектерди берүү, бюллетенге алмаштыруу механизмдеринин түшүнүксүз болгон, ошондуктан айрым адамдар иштин процессин жана өз укуктарын түшүнүшкөн жок, буга байланыштуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан добуш берүүнүн жол-жоболору жөнүндө жетиштүү маалыматтык колдоо камсыздалган эмес деп эсептейбиз, ошон үчүн жарандар аны жеринде айырмалап билүүгө аргасыз болушту, ошондой эле техникалык мүчүлүштүктөр дагы болду, мисалы, референдум боюнча жергиликтүү кеңешке бир гана чек берилген, ага байланыштуу шайлоочу баш тартып, шайлоого жана референдумга катышпастан кетип калган.

 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар жергиликтүү мүнөзгө ээ. Бардык аныкталган мыйзам бузууларга чараларды көрүү жана мыйзам бузууларды четтетүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту тарабынан тиешелүү органдарга материалдарды жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын кызматкерлери Борбордук Азиядагы Стратегиялык Анализ, Диалог жана Өнүктүрүү Борбору (CASCADD) менен биргеликте шайлоочулардын укуктарынын бузулушун аныктоо максатында электрондук сурамжылоо жүргүзүштү , бул процесстин натыйжалары дагы талданып, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.