Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Кыргызстандын түштүк тарабында жайгашкан убактылуу кармоочу жайларды текшеришти

17/07/2019 - 12:03

КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Акыйкатчынын Талас облусунун өкүлчүлүгү жана Талас шаарынын көз карандысыз эксперттери менен биргеликте 3 июлдан 5 июлга чейин Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайлардагы, Талас облусунун Кара-Буура районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайлардагы жарандардын тамак-аш менен жана медициналык камсыздоосу (азыркы улуттук станттарттарга дал келеби), ошондой эле убактылуу кармоочу жайларда кармоо шарттары кандай экендигин текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эксперттер тарабынан УКЖ камактагыларды жана шектүүлөрдү медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн бирдиктүү бекитилген формасы жок экендиги аныкталды. Атап айтканда, убактылуу кармоочу жайларга киргизилип жаткандардын денесинде көгала-тактары бар же жогун аныктаган медициналык тастыктама, протокол же болбосо журналга түшүрүлгөн жазуу да жок болуп чыккан.

 Ушундай  эле текшерүү Акыйкатчынын Баткендеги өкүлчүлүгү менен биргеликте 9- июлдан 11-июлга чейин Баткен, Лейлек, Кадамжай ИИБ УКЖ жана Кызыл-Кыя шаарынын ШИИБ жүргүзүлдү.

 Бул мониторинг УКЖ жаткандарды тамак-аш менен камсыздоо маселеси курч экенин аныктады. Камактагылар жана шектүүлөр КР Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдер боюнча ден-соолугунун абалын кармап туруу үчүн гана бир күндө бир гана жолу бекер тамак ичишет. Бул көйгөй боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тийиштүү каттарын ИИМ жана КР Өкмөтүнө жолдошту.  

Ошондой эле, Баткен УКЖ Т.А. аттуу жаран 2019-жылдын 24 июнунан тартып соттун чечими жок, мыйзамсыз жатканы аныкталды.

Н.А. аттуу жаран 2019-жылы 30-майда сот тарабынан 1 жылга эркинен ажыраган, бирок текшерүү учурунда ал түзөтүүчү колонияда эмес, дале УКЖ жатканы белгилүү болду. Анын үстүнө анын кылган кылмышы жеңил беренеге жаткандыктан  айып пул менен гана чектелиши мүмкүн болчу. Бул факт Баткен районунун прокуратурасы тийиштүү иштерди жеринде так, таасын жасабагандыгынан кабар берет. Ошондой эле Баткен ИИБ УКЖ жаткан жарандардын кармоо мөөнөттөрүнө жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгын билдирет.

Акыйкатчы аппаратынын Камакта кармоо жана эркиндиги чектелген жайларда укук коргоо жана башка органдар тарабынан адамдын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмдүн кызматкерлери текшерүү тажрыйбаларынан улам мындай иш-чаралар УКЖ, дегеле Кыргызстандагы жалпы жазык аткаруу тутумундагы чыныгы абалды аныктоого жардам берет деп эсептешет.

Бул багыт боюнча Акыйкатчы институнун ишинин 2 баскычы иштңңдң. Биринчи баскычы 2018-жылда Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

Кийинки мониторинг ушул эле жылдын август айында Жалал-Абад облусундагы УКЖларда болот. Ал эми 2019-жылдын ноябрында Акыйкатчы аппараты тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын катышуусунда, текшерүүлөрдөн жыйынтыгы жөнүндө маалымдоону мерчемдеп жатышат.