Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Грузиядан тажрыйба алып кайтышты
КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Н.Токтосунова жана укук коргоо органдары жана эркиндикти чектеген жана эркиндигинен ажыраткан жайларда башка органдар тарабынан адам укуктарынын сакталышы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Исмаилова Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн эл аралык конференциянын ишине катышышты.
Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы, Кыргыз Республикасында кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Н.Сулайманов жана Борбордун өкүлү, Эл аралык абак реформасы уюмунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору А.Шамбилов, “Балдар укуктарын коргоочулар лигасы” КФ директору Н.Турдубекова жана башкалар кирген.
Бул эл аралык конференциянын ишине БУУнун балдар укуктары боюнча комитетинин төрайымы Рината Винтер айым катышып, сөз сүйлөдү. Конференцияда белгиленгендей, Австрияда үй-бүлөдөгү чыр-чатакты чечүү үчүн медиация колдонулат. Соттор чатакташкан тараптарды үй-бүлөлүк медиаторлорго жөнөтүшөт. Мындай тажрыйбаөзүн актап, соттордо каралуучу иштин саны азайган. Ата-энеси ар кайсы өлкөдө жашаган учурларда баласын ата-энелердин бири уурдап кеткен учурда, медиаторлордун эл аралык ассоциациясын жаңжалды чечүүгө тартышат Балдар ата-энелеринин айынан азап чекпеши керек.
Түндүк Ирландия медиация институтунун өкүлдөрүнүн сөзүнө караганда, азыркы учурга карата болгону жаш адамдардан 4-5и гана эркинен ажыратылып кылмыш-жоопкерчилигине тартылышкан. Мисалы 10 жыл мурда алардын саны 100дөн ашуун эле. Мунун баары медиациянын арты менен жетишилген. Доо арыз бергендердин 90%ы өз доолорун медиация аркылуу кайтарып алышкан. 19% материалдык компенсациядан баш тартышкан. Медиация кызмат катары өтө сапаттуу берилиши абзел.
Делегация мүчөлөрү иш сапардын алкактарында Грузиянын Омбудсмен институтунн өкүлдөрү жана Грузиянын Прокуратура органдары, Улуттук превентивдик механизм институту өкүлдөрү менен жолугушту.
Тбилиси полициясынын убактылуу кармоочу жайына барышты. Грузиянын Жогорку сотунда, Юстиция министрлигинде жана Персоналдык маалыматтарды коргоо инспекциясында жолугушууларда болушту.
Калыбына келтирүүчү сот адилеттиги боюнча эл аралык конференциянын уюштуруучулары Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын көрсөтүштү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү реформалоонун калктын пайдасына жүргүзүлгөнүн көрсөтүштү.
Грузиянын Юстиция министринин айтымында: жаза тайып кылмыш жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу керек, бирок аны сындыруу керек эмес. Ал Ал жасаганын аңдап түшүнүүсү керек, келтирген зыянды жабыркаганга төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
КР Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери кылмыш-жазасын алтернативдүү таасир этүүнүн түзөтүүчү түрлөрү менен алмаштыруу маселелери боюнча тажрыйба алып кайтышты. Бул окутуучу иш сапар эл аралык эксперттер менен түздөн-түз алака түзүү жана пробация институтун андан ары өнүктүрүү боюнча жакшы мүмкүнчүлүк берди.
Иш сапарына байланышкан чыгымдардын баарын PRI долбоору өзүнө алган.