Акыйкатчы аппаратына адвокаттан ыраазычылык

13/10/2022 - 16:03

Акыйкатчынын кеңсесине адвокат Э. Жылышева Акыйкатчы аппаратынын жетекчилигине жана кызматкерлер Абдукеримов Акжол менен Малдыбаев Жалилге ыраазычылыгын билдирди. Ал Мамлекеттик жактан кепилденген юридикалык жардам (МКЮЖ) тутумунда иштейт.

Ал өзүнүн ыраазычылык катында 2 соттук иши боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:

1) “Мен качкындар менен иштейм. Бул биздин этникалык кыргыздар бирок алар Тажикстандын жарандары. Мен жактаган К.Ф., Д.Ага карата чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөрүлгөн. Ал эми С.Т., Г.Т. аттуу адамдарга ушул эле жагдай боюнча соттун өкүмү боюнча 440миң сом айыппул салынган. Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Акжол Абдукеримов Миграция департаменти, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен тыгыз кызматташкандыгынын натыйжасында, К.Фнын кылмыш куугунтуктоосу токтотулган. Д.Анын иши сотто жакында карылашы күтүлүүдө. Ал эми С.Т., Г.Т.нын иши аппеляцияда каралып, мурунку соттук чечими жокко чыгарылган. Жыйынтыгында арыз ээлери башпаанек издеген адамдар катары каттоодон өтүп, качкын статусун берүү маселеси Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан каралууда”.

2) “Мен МКЮЖ аркылуу жактаган М. К., аттуу аялга карата Биринчи май райондук соту тарабынан №1 тергөө абагына 16.09.2022-жылга чейин колдонулган. Ал онкологиялык оору менен жабыркап келет. Анын оорусуна байланыштуу тергөөчүгө бир нече ирет кайрылганбыз. Бирок, бул эске алынган эмес. Ошондой эле тергөө абагынын жетекчисине жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, аны бошотууну сурандым, анткени 16-сентябрда саат 00:00дө ал бошотулушу керек болчу. Ал да эске алынбай, М.К., тергөө абагында 19 сааттан ашык мөөнөттө кармалган, бул мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Мындан тышкары, баш коргоо чарасын узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо чечимин прокурор бекитет, ал эми иш жүзүндө баш коргоо чарасы өтүп кеткен, башкача айтканда соттук акт жок. Мен 16-сентябрь күнү шашылыш түрдө Акыйкатчы аппаратына кайрылууга туура келди. Иш күнү бүтүп калган бирок ошого карабастан кызматкер-Жалил Малдыбаев сотко мониторинг жүргүзүү үчүн барды. Сот түнкү саат 23-00гө чейин созулду. Биринчи май соту мен жактаган М.К.,ны сот залынан камактан бошотту. Соттун мындай адилет чечим чыгарышына Акыйкатчы аппаратынын кызматкеринин катышуусу дагы роль ойноду деп айта алам”.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу боюнча практикалык ыкмаларды өзгөртүү боюнча системалуу иштеп жатат. Ал аялдарга (айрыкча оору менен жабыркаган) карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөчө учурларда гана колдонулушу керек деп эсептейт.