Акыйкатчы аппараты: Лифттеги өлүм боюнча тергөө тийиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес
2022-жылдын 11-январь күнү "Улан" кичи районунун 9-кабаттуу үйдөн К. А. аттуу жаран лифттин кабинасына коляскадагы баласы менен кирип бараткан жерден, кабинка күтүүсүз өзүнөн-өзү жүрүп кетип, анын башы жанан көкүрөгү кыпчылып, алган жараттарынан улам көп өтпөй жеринде каза болгон.
Артында 5 кичинекей баласы (бирөөнүн ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген) калган. Акыйкатчыга К. А.нын аялы Н. М. кайрылып, кылмыш иши козголгон учурдан тартып үч айдын ичинде тергөө амалдары жүргүзүлбөгөнүнө нааразы болгон. Акыйкатчы аппараты кылмыш иштин жүрүшүн көзөмөлгө алып, арызда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча талдоо жүргүзгөн:
- 1) Бул маселе боюнча КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын буйругу менен түзүлгөн комиссиянын кызматтык териштирүүсү кылмыш ишине эч кандай натыйжа берген эмес жана андан аркы тергөөнүн жүрүшүнө таасирин тийгизген эмес.
- 2) Лифттеги кырсыктын жагдайларын жана себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияда аталган уюм менен түз байланышта болгон «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Э.А.Э. кирген. Бул жагдай өлүмдүн себептерин атайын иликтөө боюнча комиссиянын корутундусунун объективдүүлүгүнө шектенүүлөрдү жаратат.
- 3) Сотко чейинки териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, «Бишкекгорлифттин» 73 жаштагы мастери В.Б.М, айыпталуучу деп табылган. Ал эми аталган ишкананын башкы инженерине, жетекчилигинин аракеттерине юридикалык баа берилген эмес.
- 4) Лифттин жүк көтөрүмдүүлүгү 320 кг, 1986-жылы чыгарылган. 1987-жылдын 24-июлунда эксплуатацияга берилип, 34 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жаткан. Анын стандарттык иштөө мөөнөтү 25 жылды түзөт. Эгерде лифттин нормалдуу иштөө мөөнөтү ашып кетсе, мезгил-мезгили менен диагностика талап кылынат, ал аккредиттелген эксперттик уюм тарабынан жүргүзүлүшү керек болчу. Бул талап «Бишкекгорлифт» МИ тарабынан аткарылган эмес. Бул КР Кылмыш-жаза кодексининин 348-беренесине туура келет (Шалаакылык, башкача айтканда кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан улам аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан олуттуу залал келтирүү)
- 5) Маркумдун жубайы кылмыш иши козголгондон 2 айдан кийин гана жабырлануучу катары таанылган. КР ЖПКнын 40-беренесинде каралган жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн процесстик укуктары аларга такыр түшүндүрүлгөн эмес, иш боюнча процесстик чечимдер менен тааныштырылган эмес, ошондой эле КР ЖПКнын 252-беренесинин талаптарын одоно бузуп, тергөө аяктагандан кийин аларды белгиленген тартипте кылмыш ишинин материалдары менен тааныштырышкан эмес.
- 6) Тергөөчүлөр айыпкер катары жоопко тартылууга тийиш болгон адам аныкталбагандыгына байланыштуу деп, эки жолу тергөөнү токтотуу жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алышкан. Ошентип, Акыйкатчы аппараты К.А.дун өлүмү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын толук четке кагуу менен компетентсиз жүргүзүлгөн деген тыянакка келет. Натыйжада, Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен кылмыш иши кайра жандандырылган.
Тергөө 2022-жылдын 17-июнунда аяктап, соттун кароосуна жиберилген. Учурда кылмыш иши Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Акыйкатчы институту тарабынан сот процессине мониторинг жүргүзүлүп турат. Ошону менен катар жабырлануучу тарапка керек болгондо юридикалык кеңештер берилип турмакчы.