Акыйкатчы институтунун кызматкерлери “Куралдарды жана тынчтандыруу ыкмаларын колдонууга мониторинг” деп аталган эл аралык семинарга катышты

03/07/2023 - 16:05

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери - укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарын сактоо бөлүмүнүн башчысы  Анвар Султанбеков, ушул эле бөлүмдүн жетектөөчү адиси Жалил Малдыбаев, Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо боюнча бөлүмдүн башчысы Наиля Токтосунова Алматы шаарында өткөн “Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин куралдарды жана тынчтандыруу ыкмаларын колдонушуна мониторинг” деп аталган эл аралык семинарга катышты.

Семинар  Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынын Борбор Азиядагы аймактык бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Семинарда аталган башкармалыктын өкүлдөрү атайын каражаттарды, куралдарды жана тынчтандыруу ыкмаларын колдонуу тажрыйбасында адам укуктарынын сакталышына улуттук укук коргоочу мекемелердин (Акыйкатчы институттарынын) жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн мониторинг жүргүзүүсүнүн зарылдыгын белгилеп өтүштү.

Эл аралык стандарттарга ылайык, кыйноого жана башка катаал, адамдын ар-намысын басмырлаган же болбосо адамгерчиликсиз кайрылууларды жана жазаларды колдонууга тыюу салуу абсолюттук мүнөздө болушу кажет жана кандай жагдайда болбосун бузулбашы керек.

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыны жана Бириккен улуттар уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясын ратификациялоо менен баардык ага катышкан өлкөлөр кыйноолорго тыюу салуу жөнүндө эл аралык стандарттарды сактоого милдеттүү болушкан.

Куралдарды жана атайын каражаттарды колдонууга көз карандысыз мониторинг жүргүзүү кыйноолорду жана башка катаал мамиле кылуунун түрлөрүн алдын алууга натыйжалуу мүмкүндүк болуп саналат.

Семинардын катышуучулары куралдарды колдонуунун мыйзамдуулугу, зарылдыгынын принциптери, тынчтандыруунун күчү жана ыкмалары, ошондой эле кыйноолор жана башка катаал мамиленин түрлөрүн колдонууга гана арналган атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу зарылдыгы жөнүндө кошумча билимдерге ээ болушту.

Куралдарды жана атайын каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугу жана аларды мыйзамсыз колдонгон, жаракаттарды берген же болбосо өлүмгө алып келген жагдайлардагы мамлекеттердин милдеттери талкууланды.

Ошондой эле көз карандысыз мониторингдин ыкмалары, атайын каражаттарды колдонууну жөнгө салуучу мыйзамга караштуу актыларга жеткиликтүүлүк укугу жана атайын каражаттарды колдонуу фактылары боюнча коомчулукка күч түзүмдөрүнүн отчеттуулугу да каралды.

Стамбул протоколу (Кыйноону жана башка катаал, адамдын ар-намысын басмырлаган же болбосо адамгерчиликсиз кайрылууларды жана жазаларды колдонууну натыйжалуу изилдөө жана документтештирүү боюнча документ) боюнча эксперттер анын Казакстанда жана Кыргызстанда колдонуу тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.

КРнын Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү аталган маселенин актуалдуулугун жана кыйноолор менен катаал мамилени жоюу жана алдын алууга байланышкан адам укуктарын боюнча БУУнун механизмдеринин сунуштамаларын аткаруу боюнча чараларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешти.