15 жылга эркинен ажыратууга соттолгон жаран ачкачылыгын токтоткон, анын иши КР Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө

18/03/2021 - 16:33

2021-жылы 11-март күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Мамытовго Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-бер.2-б.(адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен коштолгон бейбаштык), 268-бер.1-б. (наркотикалык, психотроптук заттарды алып жүрүү, сактоо), 253-бер.1-б. (ок атуучу курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо), 254-бер.2-б. (ок атуучу куралдарды мыйзамсыз даярдоо) беренелери боюнча жана 78-беренесинин негизинде (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) 2021-жылдын 27-январында Кочкор райондук соту тарабынан 50 000 сом айып салуу менен 15 жылга эркинен ажыратылып, КР ЖАМКнын Нарын шаарындагы №24 мекемесинде камакта кармалып турган Ү. М. арыз менен кайрылган.

Арызында ал, мындай катаал жазага кириптер болгонунун себебин, «Кочкор РИИБнүн убактылуу кармоочу жайында “ээнбаштык” беренеси боюнча камакта отурганда Кочкор районунун прокурорунун жардамчысы А.Ж. менен уруша кетип, ошондо мен ачуум менен аны сөгүп салгамын. А.Ж. буйуртмасы менен Кочкор райондук соту 15 жыл  жана 50 000 сом айып салып эркимен ажыратты. Ушул акыйкатсыз чечимдин айынан тагдырым талкаланып жатат. Ошол себептен мен өмүрүмө коркунуч келтирген «ачкачылык» жарыялоого аргасыз болуп оозумду зым менен төөнөп, ачкачылык жарыялап жатамын. Ишти көзөмөлгө алып, болуп жаткан акыйкатсыздыка  кандайдыр бир чара көрөсүз деген чоӊ үмүт менен Сизге арыз менен кайрылып жатамын”-деп түшүндүргөн.

Аталган арыз өкүлчүлүкө келип түшөөрү менен жарандын ачкачылык акциясы жана оозун тиккен фактысы  Нарын облусунун прокуроруна маалымдалды. КР Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгү, Нарын облустук прокуратуранын  жана Кыргыз Республикасынын Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун Нарын облусундагы өкүлү менен биргеликте Нарын шаарындагы №24 мекемесине барып, камакта кармалып турган Ү.М. менен жолугушуп, кеӊири аӊгемелешүү болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аӊгемелешүүдө, соттолгон Ү. М.  оозун зым менен төөнөп, ачкачылык жарыялаган себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү.   «жасаган кылмышым анчалык оор эместигине карабастан мени 15 жылга соттоп, андан тышкары 50 000 сом айып салышат» деп акыйкат жок экендигине нааразы болгонун, аргасыздан ушундай иштерге барганын билдирди.  

Азыркы учурда кылмыш иш боюнча апелляцияялык даттануу боюнча Нарын областык сотунун кароосуна алынганы белгилүү болуп, КР Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сот отурумуна катышылып, процесстик мыйзамдын так сакталышына көзөмөл кылынаары  түшүндүрүлүлүп, ачкачылык акциясынан баш тартуу сунушталды.

Ошол эле күнү ЖАМКнын № 4 мекемесинин начальниги, ички кызматтын  полковниги Таштеке уулу Канатбектин колу колу коюлган кат түрүндө атайын билдирүү келип түштү. Ал билдирүүдө,  соттолуучу Ү. М. менен жүргүзүлгөн тийиштүү иш-чаралардын жыйынтыгында ал, мекеменин жетекчисинин атына арыз менен кайрылып, ачкачылык акциясын токтотуп, тигилген оозун чечкендиги билдирилген.

Учурда, Ү.М. арызы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.