Зомбулуктун курмандыгы.13 жаштагы кыз төрөдү, зордуктаган жаран эмдигиче эркиндикте жүрөт

06/03/2023 - 14:32

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасынан мыйзамдын талабын аткарууну жана жана Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен эски имаратында жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча ишти алып барып жаткан тергөөчүнүн аракетине баа берүүнү талап кылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Омбудсмен институна-кыздын чоң атасы-Аламүдүн районунун жашоочусу Б. М. аттуу жаран кайрылган.

Арыз берүүчү билдиргендей, 2021-жылы августта Алтынбек аттуу жигит TikTok социалдык тармагына видео тартабыз деп небересин алдап, Башкы прокуратуранын мурдагы имаратына ээрчитип барган жана бир нече ирет зордуктаган, анын натыйжасында кыз кош бойлуу болуп, 2022-жылы эркек балалуу болгон.

Кыздын чоң атасы 23-ноябрда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз берип, анын негизинде КРнын Кылмыш кодексинин 161-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Бирок Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү А. Э. 2022-жылы эле баланын атасы ким экенин аныктай турган ДНК экспертизасы жүргүзүлгөнгө чейин дегенди негиз кылып ишти кароону токтоткон. Ошол эле маалда ДНК тест бала бир жашка толгондо аткарылышы керек деп дайындаган.

Жабырлануучу тараптын чечимге нааразылыгына карабай кылмыш иши кайра козголгон эмес.

Баланы кыздын чоң энеси багып жатат. Зомбулуктан кийин жабыралануучу мектепке бара албай калган.

Кыздын чоң атасы маалымдагандай, бир жыл күтүшкөндөн кийин, тергөөчү талап кылгандай аталыкты аныктай турган ДНК тест Россия Федерециясында жүргүзүлгөн, анын натыйжасында баланын атасы Алтынбек экени белгилүү болгон. Буга карабай тергөөчү А. Э. эч негизсиз эле 600 долларга бааланган ДНК тестти Казакстандан өткөрүүнү  талап кылган. 

Белгилей кетсек, баланын атасы ким экенин ал тургай эрте кош бойлуулук маалында дагы аныктай турган заманбап ыкмалар бар.

Ошол кезде 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жаран эмдигиче кармала элек. Ал эки жылдан ашык убакыттан бери эркиндикте жүрөт.

Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Биринчи май райондук прокуратурасына кайрылып,  Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнүн аракетине баа берүүнү, ошондой эле анын кошумча ДНК тест жүргүзүү талабынын мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылды.