Тергөөчү оор операция жасалган бейтапты суракка алууга аракет кылган. Акыйкатчы прокуратурага кайрылды

23/02/2023 - 16:01

КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 4-шаардык бейтапканада бир аз мурда омурткасынан оор операция болгон Н. Г.ны суракка алган Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн аракетине баа берүүнү прокуратура органдарынан талап кылды.

Н. Г. оор абалда болгонуна карабай, тергөө органдарынын кызматкерлери башка бейтаптар дагы дарыланып жаткан оорукананын палатасында түз эле тергөө аракеттерин жүргүзүүгө - ага айып тагууга аракет кылышкан. Бул үчүн мамлекеттик жактоочуну дагы чакыртышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Н. Г. Акыйкатчыга укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен аны коргоо өтүнүчү менен кайрылган, анткени ички иштер бөлүмү (ИИБ) ага карата 204-берене боюнча кылмыш ишин кайра жаңылаган.

Акыйкатчы институту дароо эле Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө жана прокуратура органдарына расмий билдирме жөнөткөн.

Арыз берүүчүнүн туугандары маалымдагандай, кечээ, 22-февралда ИИБдин тергөө органдарынын кызматкерлери, анын укугун бузуп, аялдын адвокаты бейтаптын оор абалы тууралуу медициналык маалым катты көрсөткөнүнө карабай, тергөө амалдарын жүргүзүүгө аракет кылышкан.

Анан калса, бейтаптын палатасына күзөт коюлган. Бул Н. Г.нын Паркинсон оорусунун күчөп кетүүсүнө алып келген. Милиция кызматкерлери 4-5 адам болуп ооруканага келип, аялга психологиялык басым көрсөтүшкөн.

Жакындарынын айтымында, азыркы учурда Н. Г. айыптуу эмес, ага ылайык орган кызматкерлери тарабынан эч кандай кайтаруу аракеттери болбошу керек. Артынан кылмышкер сыяктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билгенден кийин бейтаптын кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Азыркы учурда наркоз абалынан чыгып жаткандыктан (ансыз да баары анча жакшы көтөрбөйт) бул жагдай анын абалын начарлаткан. Ал тургай түн ичинде дагы оорукананын бөлүмүндө милициянын формасын кийген кызматкер отурган, ал маал-маалы менен тергөөчүгө телефон аркылуу доклад берип турган.

Жакындары бул үрөй учурган инцидентти видеого тартып алышкан. Тергөөчү дарыгерлер бейтапка сурак кылууга уруксат берген деп билдирүүдө.

Акыйкатчы институнунун кызматкерлери кечээ Н.Г. жаткан бейтапканага барышты.

Н.Г. кыймылсыз жатат, сүйлөй албайт, колдору калчылдап турат. Операциядан кийин аял оюн так айтып түшүндүрө албай жатат жана иштин материалдары менен тааныша албайт.

Мындай көмөксүз абалда ал тергөө амалдарына катыша албайт.

Арыз берүүчүнүн жакындарынын айтымында, адвокат ага карата тергөө аракеттерин ден соолугу калыбына келмейинче токтото туруу тууралуу өтүнүч арыз бергенин маалымдашты. 

Адвокат оор абалдагы өзү ишин жактап жаткан адамдын тергөө амалдарына катышууга жоопкерчилик ала албай турганын түшүндүрдү.

КРнын Акыйкатчы  (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери оорукананын бөлүм башчысы Сабралиев М. К. менен сүйлөштү.

Ал бейтаптын омурткасына металл түзүмүн алуу боюнча операция жасалганын тастыктады. 

Акыйкатчы прокуратура органдарынан арыз берүүчүгө карата тергөө амалдарын жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна жана зарылдыгына объективдүү баа берүүнү, ошондой эле Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүн жоопко тартууну талап кылат. Ошондой эле Акыйкатчы аялдардын укугун коргоого чакырат.