Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!

31/12/2022 - 10:57

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жамааты жалпы кыргызстандыктарды жана республиканын конокторун келе жаткан Жаңы (2022) жылы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Сиздерге чың ден соолук, бардык көксөгөн ой-тилектериңиздердин орундалышын, алдыга койгон максаттарыңыздар жана мерчемдериңиздин ишке ашышын, жашооңузда эч качан адамдык жана жарандык укуктарыңыз бузулбасын каалайбыз! Бактылуу жашап, айланаңыздагы адамдардын жан дүйнөсүн жылуулук жана боорукердик менен курчап, ар дайым  бири-бириңиздерге чын жүрөктөн колдоо жана  түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жаңы жылыбыз жакшылыктардын жылы болсун!

Жаңы жылыңыздар менен, кымбаттуу достор, кесиптештер жана мекендештер!