Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келинге орой мамиле кылган тергөөчүнүн ишине баа берилет

01/02/2023 - 16:54

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келинге орой мамиле кылган тергөөчүнүн иш-аракетине этика комиссиясында баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна 2022-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарынын тургуну Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызда жолдошу тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз бергени, бирок тергөөчү К.М. тергөө амалдарын тиешелүү деңгээлде жүргүзбөй, орой мамиле кылганы айтылган.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ички иштер министрлигине жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына териштирүү иштерин жүргүзүүгө жана тергөөчү К. М.га карата тиешелүү чара колдонуу боюнча ыкчам каттарды жиберишкен.

Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, аталган арыз боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын,  Б. А.га коргоо ордери берилгенин, материалдын көчүрмөсү  Коомдук коопсуздук кызматына жиберилгендигин билдиришкен.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 18-январында Акыйкатчы интститунун кызматкерлери У. Абылгазиева жана Анарбек кызы Бүбүсайра алынган маалыматтар боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыган барышып, жеринде териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө аталган коргоо ордери берилбегендиги аныкталган.

19-январда Биринчи май райондук коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Б.Анын жолдошу кармалып, Биринчи май соту тарабынан күнөөлүү деп табылды жана 40 саатка коомдук иштерге тартуу чечими чыгарылды.

Ал эми, тергөөчү К. М.нын иш-аракетине баа берүү этика комиссиясынын кароосуна жиберилип, Акыйкатчы институту тарабынан тергөөчүнүн аракети этика комиссияда каралуусуна жетишти. Учурда комиссиянын жыйынтыгы күтүлүүдө.