Атыр Абдрахматова: Аялдардын тилектештиги биздин коомдо абдан маанилүү

02/03/2023 - 15:24

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Ысык-Көл областынын айымдарынын алгачкы тилектештик курултайына катышты.

Аялдардын тилектештик курултайы тууралуу Акыйкатчы төмөнкүдөй пикиринде:

“Аялдардын тилектештиги биздин коомдо абдан маанилүү. Анткени зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү болобу, ар кандай укук бузуулар, аялдарга карата чектөө, кысымдар болобу тилектештик жок-ийгиликке келиш оор. Бактылуу ийгиликтүү гана айым-бактылуу ийгиликтүү коом түптөй алат деп мен терең ишенем. Мындай форумдардын аркасы менен жакшы тилектештик түптөлөт деген ойдомун”   

Ысык-Көл областында өткөн Аялдардын тилектештик курултайында айымдарга карата зордук-зомбулук, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана саясаттагы аларга болгон кысым, аялдардын экономикалык күчтөнүүсү жана аймактардагы саламаттыкты сактоо, экология сыяктуу  маселелер көтөрүлүп жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Областтагы прогрессивдүү лидер айымдар бир аянтчага чогулду.

Белгилей кетсек, Аялдардын тилектештик курултайы 2022-жылы  Нарын, Чүй, Ош дубандарында өткөн. Ал эми быйыл 15-февралда Баткен, 18-февралда Жалал-Абад, 25-февралда Ысык-Көл областтарында өттү.