Альберт Көлөпов: Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен Казакстанда кармалган төрт жаран мекенине кайтарылды

13/02/2023 - 16:45

Учурда Кыргызстандын миңден ашуун жараны чет өлкөлөрдө жасаган кылмыштары үчүн абактарда жазасын өтөп жатышат же ар кандай мыйзам бузуулар менен убактылуу кармоочу жайларда кармалышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун орун басары Альберт Колопов “Миграциялык коопсуздук: саясий-укуктук процесстер, көйгөйлөр, коркунучтар жана  Борбор Азия аймагындагы  өлкөлөрдүн контекстинде алардын Кыргыз Республикасындагы улуттук коопсуздукка таасири” деп аталган илимий-практикалык конференцияда баяндама жасаган учурда маалымдады.

“Бул маселе боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна эмгек мигранттарына байланыштуу 50-60дай арыз келип түшөт. Алардын көбү Россия Федерациясынын жабык жайларында кармалган же жазасын өтөп бүтүшкөн мигранттар, айрымдары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандагы мигранттарга тиешелүү. 

Арыз ээлери өз кайрылууларында укуктук жардам алууну, же соттолгондор Кыргызстандык жарандарды мекенинде жазасын өтөш үчүн экстрадициялоого көмөк көрсөтүүнү суранышат.  

Өткөн жылы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кийлигишүүсү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын көмөгү менен Казакстанда кармалган 4 жараныбыз бошотулуп, өз мекенине кайтарылса, Россия менен Тажикстандан дагы 4 жаран жазасын Кыргызстанда өтөө үчүн экстрадицияланган. Мигранттардын негизги көйгөйү – бул алардын каттоого туруусу, дагы бир орчундуу маселе бул - “кара тизме””,-деп белгиледи Акыйкатчынын орун басары.