Акыйкатчынын орун басары: Коррупция менен күрөшүү мамлекеттин адам укуктарын сактоо боюнча милдеттерин алып салбайт

09/02/2023 - 16:49

Мамлекет коррупция менен натыйжалуу күрөшүүсү керек, бирок бул мамлекеттин адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жаатындагы милдеттерин аткаруусунун бир бөлүгү болушу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда “Коррупцияга каршы аракеттенүү: санариптештирүү шарттарында саясий-укуктук, эл аралык жана улуттук стандарттарды сактоо, коркунучтар, чакырыктар жана алардын Борбор Азия мамлекеттерине таасири” деп аталган илимий конференцияда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун орун басары Альберт Колопов билдирди.

Акыйкатчы институтунун орун басары коррупция кайсы гана мамлекеттин болбосун жашоо ишмердигинин баардык тармактарында болуп жана адам укуктары менен эркиндиктерине түз таасир берип жатканын эскертти.

“Коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, бүткүл дүйнөдө актуалдуу болуп жатат.

2003-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупция боюнча Конвенциясынын кабыл алынышы дүйнөлүк деңгээлде кабыл алынган коррупцияга каршы милдеттүү биринчи юридикалык келишим болуп калганын эске алуу менен мамлекеттер коррупцияга каршы чаралардын квалификациялык имплементациясы боюнча милдеттерди алышкан. Бул өз кезегинде мыйзамдарга, мамлекеттик жана коомдук институттарга таасир берет.

2012-жылы КРнын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган, бул Кыргызстандын коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык милдеттерин аткарып жатканынын мисалы болуп саналат. 

Ошол эле маалда Акыйкатчы (Омбудсмен) институту коррупция менен күрөшүү мамлекеттин жарандарды коргоо, тартипти жана мыйзамдарды сактоо жаатындагы стандарттарын сактоо боюнча милдеттерин алып салбайт деп белгилейт.

Мамлекет коррупция менен натыйжалуу күрөшүүсү керек, бирок бул мамлекеттин адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жаатында милдеттерин аткаруусунун бир бөлүгү болушу зарыл”,-деп белгилеп өттү Альберт Колопов.  

Жыйындын максаты - коррупция феноменин изилдөө, тажрыйба алмашуу Борбор Азия өлкөлөрүндө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу экенин жыйынды уюштуруучулар белгилешти.