Акыйкатчынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн көмөгүндө карызкордон 20 миң сом өлчөмүндөгү алименттик милдеттенме өндүрүлгөн

31/12/2022 - 14:49

КР Акыйкатчысынын наамына Ат-Башы районунун тургуну  Т кызы А кайрылып, үч кызы үчүн алиментти беш айдан бери ала албай жатканына даттанган, өзү жумуш жок эч жерде иштебей,  кыздарын карап багууга мажбур муктаж болуп жатканын билдирип,  беш айлык алиментти өндүрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Бул арызды кароодо Акыйкатчынын  Нарын облустук өкүлчүлүгү тарабынан Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгына кат жолдонгон.

Аталган башкармалыктан алынган жоопто, жоопкер алимент боюнча карызды эгер өз ыктыяры менен төлөбөсө, анда  КР Жазык кодексинин 178, 308-беренелерине ылайык жооп берери эскертилген. Ошондой эле карызкорго Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен чыгып кетүүгө убактылуу тыюу салынган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында карызкор  2021-жылы 3-декабрда 10 000 сом жана 28-декабрда 10 000 сом өлчөмүндө, баардыгы болуп 20 000 сом өлчөмүндө алименттик милдеттенмесин которгон.