Акыйкатчы прокуратурадан интернаттагы балдардын укуктарынын бузулушуна көңүл бурууну талап кылды

13/03/2023 - 14:26

КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова прокуратура органдарынан интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдардын укуктарынын бузулушуна көңүл бөлүүнү жана аларга карата чараларды кабыл алууну талап кылды.

Буга чейин прокуратура органдарына 11 мамлекеттик интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги мониторингдин жыйынтыктары боюнча жыйынтыктар жана сунуштар берилген.

Эскерте кетсек, Бишкекте КРнын Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, КРнын Башкы прокуратурасынын, КРнын Жогорку соттунун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана жана көз карандысыз эксперттер интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторингдин жыйынтыгын талкуулашты.

Омбудсмен институту “Балдардын укуктарын коргоо лигасы” коомдук фонду жана КРдагы ЮНИСЕФтин техникалык жана каржылык колдоосу менен биргеликте интернат тибиндеги 11 мамлекеттик балдар мекемесиндеги балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторингди жыйынтыктады.

2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлгөн мониторинг  балдарды үй-бүлөсүнөн ажыратууну алдын алуу, интернат тибиндеги балдар мекемелерине балдарды жөнөтүү жана турмуштук кыйын жагдайда үй-бүлөнү колдоого жооптуу болгон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери же болбосо аракетсиздигин кароо менен бааланды. 

Үй-бүлөлүк чөйрөдөгү (үй-бүлөдө жашоо жана тарбиялануу укугу) баланын укугу эл аралык стандарттар менен да, Конституция менен да жана КРнын улуттук мыйзамдары менен да бекитилген.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк чөйрөдөгү баланын укуктарын камсыздоо боюнча эл аралык милдеттемелерди ишке ашырыш үчүн ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды коргоо боюнча бир катар нормативдик-укуктук актылар кабыл алынган, балдар мекемелериндеги балдардын санын  азайтуу боюнча чаралар жана камкорчулуктун альтернативдүү формаларынын түзүмү аныкталган.

Балдарды коргоо тармагындагы нормативдик укутук актылар балдарды интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштыруу эң акыркы чара катары колдонулушу керектигин жана балдарды коргоо боюнча атайын дайындалган органдын бүтүмүнө негизделген соттун чечими менен гана ишке ашырларын түз көрсөтүп турат.

Бирок мониторингдин жыйынтыктары бул норма мамлекеттик органдар тарабынан дайыма эле аткарылбай турганын, анан калса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк менен профилактикалык иштерди жетиштүү деңгээлде жүргүзбөгөнүн жана турмуштук кыйын кырдаалда калган үй-бүлөлөргө жетишерлик көмөк көрсөтүлбөгөнүн көрсөттү (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка даректүү социалдык коргоону, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык коргоону ишке ашырат”).

Мониторингдин жыйынтыгы менен Кыргызстанда 10 жылда интернат тибиндеги балдар мекемелеринин саны буга чейин КРнын өкмөтү тарабынан  аларды трансформациялоо жана оптимизациялоо жөнүндө чечим кабыл алынганына карабай көбөйгөнү аныкталды.

Эгерде 2012-жылы менчиктин баардык формалары боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелеринин саны 117 даана болсо, 2022-жылы алардын саны 133 болуп, балдардын саны 10 800 болгон. Ошол эле маалда жалпы балдардын эсеби менен алганда 5 пайыз гана бала жетим болсо, 95 пайыз баланын ата-энеси же алардын бирөө бар.

Бул жагдай өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат. 

Анан калса, мониторинг маалында республикада интернат тибиндеги балдар мекемелерин трансформация/оптимизациялоо жана аларда балдардын саны Бириккен улуттар уюмунун балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын алкагындагы иштеп жаткан милдеттемелерине карабай КРнын өкмөтү кабыл алган № 813 “2013-2018-жылдарда КРда интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптимизациялоо жөнүндөгү” токтомун, Балдар жөнүндө кодекстин жобосун аткаруу боюнча саясаты жүргүзүлбөгөнү аныкталды.

Аталган токтомду ишке ашыруу КРнын Өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосундагы “Социалдык коргоо жана мамлекеттик каржыны башкаруу-Кыргызстан”  тармактык саясатты колдоо программасындагы өзгөчө шарт болуп саналат.

Аталган токтомго ылайык, өкмөт 15 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде трансформация жана оптимизация кылуусу керек болчу.

Бирок 2022-жылдагы мониторинг мезгилинде КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин каршылыктарынын, атайын ыйгарым укуктуу түзүмдөрдүн инертүүлүгүнүн жана  баланын интернатта болуусунун негативдүү кесепеттери  үчүн чечим кабыл алган адамдардын жетишсиз чечимдеринин себептеринен улам алар оптимизация болгон жок.

Акыйкатчы КР Атыр Абдрахматова тиешелүү мамлекеттик органдардан мыйзамдын аткарылышын-мониторингдин жыйынтыгы менен аныкталган укук бузуулар боюнча чараларды кабыл алууну талап кылды.

“Биз интернат мекемелеринен балдарга карата зомбулук жөнүндө кабарлар эмдигиче  келип жатканын көрүүдөбүз. Тилекке каршы, өлүм менен аяктаган учурлар дагы бар. Жана биз прокуратура органдары менен соттор буга окшогон иштерди акыркы аягына чейин жеткирбегенин дагы көрүп жатабыз. Жана баланын артында эч ким турбаса, ал эч кимге кереги жок болуп калып жатат. “Бала каза таап калдыбы, каза тааптыр” болуп калат экен. Аны система дагы унутуп калууда”,-деген пикирин айтты Атыр Абдрахматова.

Ал ошондой эле мамлекеттик интернат тибиндеги балдар мекемелеринин айрымдары Акыйкатчы институнун кызматкерлерин киргизүүгө даяр эмес болгондуктарын белгилеп өттү.

“Өзүнүн жасагандарына ишенимдүү болгон ар бир адам кандай гана болбосун текшерүүгө ачык болот деп ойлойм. Эгерде ачык эмес болсо демек жашырып жаткан бир нерсе бар”,-деп эсептейт Абдрахматова.

ЮНИСЕФтин балдар боюнча адиси Сильви Хилл кризистик жагдайларда балдарды камкорчу үй-бүлөргө берүү биринчи кезекте сунушталарын белгилеп кетти.

“Бул бала же балдар багып алган үй-бүлөнүн камкордугунда экенин билүү жана баланын үй-бүлөсү менен көп маселелерди чечүүдөгү эң оптималдуу ыкма. Баланы багып алган үй-бүлөлөрдүн саны жетишерлик көбөйдү, бирок муктаждыкты канааттандырыш үчүн мындан дагы көп керек”,-деп белгиледи ал.

“Балдардын укуктарын коргоо боюнча” коомдук фондусунан Назгуль Турдубекова белгилегендей, мониторингдин жыйынтыгы менен дагы бир жагдай аныкталды: адистештирилген интернаттарда балдардын диагноздорун кайра карап чыгышпайт, ошондуктан алар жылдар бою бул мекемелерде калышат.

“Бир ирет балага коюлган аны атайын балдар мекемесине киргизүү жөнүндөгү диагноз жалпы билим берүүчү массалык мектепке кайтып келүүсүнө мүмкүндүк бербейт, ошондуктан диагноздор кайра каралбайт, балдар жылдар бою мекемеде калышат”,-деп айтты ал.

Турдубекова ошондой эле көпчүлүк балдар интернаттарда соттун чечими боюнча эмес, алардын ата-энесинин арызы боюнча кабыл алынып жатышканына көңүл бурду. «Мекемелерде 2 412 тарбиялануучу бар болсо, мындай үй-бүлөнүн балдарынын саны - 977 (40 пайыз). Мекемелердеги 653 (27 пайыз) баланын бирден ата-энеси бар. 171 бала (7,13 пайыз) балдар мекемелеринде ата-энелери жазган азырдын негизинде тарбияланууда. Болгону 35 бала (1,5 пайыз) гана жетим болуп эсептелет, демек бул деген сөз кыйын турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөр менен балдарга кызматтар тарабынан өз маалында колдоо көрсөтүлсө, баардык балдар куткарылып жана үй-бүлөлүк чөйрөдө калат эле деген сөз.Тилекке каршы, биздин өлкөдө балдарды коргоо боюнча социалдык жумушчулар дагы, үй-бүлөнү колдоо боюнча кызматтар дагы жок”,-деп мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды бөлүштү Турдубекова.

Депутат Венера Раимбачаева мамлекеттик органдар интернат тибиндеги балдар мекемелеринде балдардын укуктарын коргош керек деп белгиледи.

“Бүгүнкү күндө  кыйын турмуштук жагдайлардан улам интернаттарга келип калган  мигранттардын балдарынын тагдыры маанилүү маселе болуп турат. Ар бир министрлик мындай балдардын укуктарын камсыздоо боюнча өз иштерин аткарууга тийиш”,-деп билдирди депутат.

Тегерек столдун жыйынтыгы менен прокуратура органдарына интернат тибиндеги мамлекеттик 11 мекемеде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктар жана сунуштар берилди.