Акыйкатчы Ноорузду Баткенде белгилеп жатат

21/03/2023 - 12:46

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Баткенде Нооруз майрамын белгилөөгө катышты.  

Баткендеги борбордук аянтта Нооруз майрамынын урматына боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштар коюлган дасторкон жайылды. 

Акыйкатчы Баткен областындагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен бирге сүмөлөк ооз тийүү салтанатына катышты.

Акыйкатчы майрамга келген конокторду жана жергиликтүү тургундарды Нооруз майрамы менен куттуктады.  

Ал Нооруздун келиши Баткенде өзгөчө сезилерин баса белгиледи. 

“Дал ушул Баткенден биздин мекенибиз башталат жана жаз дагы башка аймактарга салыштырмалуу эрте келет. Азыр Баткенде өзгөчө кооз болуп турат, анткени баткен өрүгү аппак болуп гүлдөп жаткан кези. Нооруз сиздерге тынчтык, туруктуулук жана жакшылыктарды алып келсин”,-деди ал.    

Акыйкатчы ошондой эле мамлекеттик органдарды аймактагы адам укуктарынын сактоого чакырып өттү.

Баткендин тургундары жана коноктору акыйкатчынын келгенине кубанычта болушту. Алардын көбү аны менен баарлашууга үлгүрүшүп, майрамдык маанайларын гана бөлүшпөстөн, башка бир катар көйгөйлөрүн да айтышты.

Баткендеги майрам маданий программа жана концерт менен коштолуп жатат.

Атыр Абдрахматова 14-марттан бери Баткен областында иш сапары менен жүрөт жана ар бир райондо жарандарды кабыл алууда.