Акыйкатчы мамлекеттик органдарды афган кыргыздарынын маселелерине көңүл бурууга чакырат: жумушсуздук, сабатсыздык, адаптациялануунун аздыгы

31/03/2023 - 12:23

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Афганистандын Памир аймагынан тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздардын маселелерине көңүл бурууга чакырат.

Акыйкатчы институнун кызматкерлеринен турган мониторинг тобу Афганистандан кайтып келген кайрылмандар жашаган Ош областынын Алай районуна караштуу Талдысуу айылында болушту.

Талдысуу айыл өкмөтүнүн башчысы Турусбек Таев кайрылмандардын абалы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, азыркы учурда айылда жалпы саны 87 кишиден турган 16 үй-бүлө памирлик кыргыздар жашап жатат. Көпчүлүгү 2019-жылы көчүп келишкен,  баары кыргыз жарандыгына кабыл алынган, алардын ичинен 45 адам кыргыз паспортторун алышкан, калгандары Афганистандан алынган документтер менен жашап жатышат.

Көчүп келгендерге жыл сайын азык-түлүк, кийим-кече, көмүр жана башка гуманитардык көмөк берилет. Бирок акыркы жылы гуманитардык жардам азайган, ошентсе да көмүр менен камсыздоо улантылууда.

Адеп башында баардык үй-бүлөлөргө 10 баш кой-эчки, 1 уй жана жылкы бекер берилген. Көпчүлүк кайрылмандар аларды сатышкан, айрымдары унаа алышкан.

“Айдоочулук күбөлүктөрү барбы?” деген суроого айыл башчысы кээ бирөөнүкү бар экенин айтып жооп узатты. Жергиликтүү өз алынча башкаруу органдары Памирден көчүп келишкен кыргыздарга айдоочулук курстарды уюштурууну сунуштап жатышат, бул алардын жергиликтүү эмгек базарында атаандаштыкка жөндөмдөрүн жогорулатып жана өз чарбаларын камсыздаганга мүмкүнчүлүк түзмөк.

Айыл башчысынын айтымында, кайрылмандар ушул бир нече жылда өз малынын башын көбөйтүштү. Мектептерге сабатсыздыкты жоюу боюнча эркектер менен аялдаргө өзүнчө курстарды уюштурушкан, балдар жергиликтүү тургундардын балдары менен биргеликте окушат.

Медициналык көмөк көрсөтүлүүдө, кайрылмандар тез жардамдын кызматын дагы колдонушууда. Жергиликтүү калк менен келип чыккан маселелер жок, конфликттер келип чыккан жок.

Ушулар менен бирге эле айылда жашаган Афганистандан кайткан баардык кайрылмандар жумушсуз жана алардын кирешелери абдан эле төмөн болууда. Аларга айыл чарба иштерин кылууга жер бөлүп беришкен, бирок сугат суусунун жоктугунан, жерлер колдонулбай келет.

Жергиликтүү карьерден көмүр казып алуу мезгилинде кайрылмандар ар түрдүү жумуштарда иштешет, бирок мал баккандан башка жумуш ал тургай жергиликтүү жашоочуларда дагы жок. Мындан тышкары алардын баары сабатсыз болууда жана иштегенге керектүү жөндөмдөр менен ыктарды өздөштүрүшкөн эмес.

Айылда кайрылмандар тыгыз отурукташкан участокто ичүүчү таза суу жеткирилген эмес, мындан улам алар сууну башка жактан ташып ичишет. 

Ошондой эле айыл башчы кайрылмандардын айрым жөндөмдөрү менен билимдери жок болуп жатканына токтолду. Мисалы, жергиликтүү тургундар кышка мал үчүн тоют камдашса кайрылмандар бул зарылчылыкты көп убакыт бою өздөштүрө алышкан эмес жана жергиликтүү бийлик мал үчүн кышка тоют камдоого көмөк көрсөтүүгө туура келген.

Көчүп келгендер көтөргөн көйгөйлөрдүн арасынан мониторинг тобунун мүчөсү, Акыйкатчы аппаратынын жарандык-саясат бөлүмүнүн кызматкери Акжол Абдукеримов төмөнкүлөрдү белгилеп өттү:

-  Афганистандын аймагында төрөлгөн паспорт алууга курагы жете элек балдар менен өспүрүмдөр афган документтери менен жашап жатышат мындан улам айрым тейлөө көрсөтүүлөрдү алууда кыйынчылык жаралып жатыптыр. Башка калктуу конуштардагы мисалы, Чоң-Алай районунун борбору болгон  Дароот-Коргондогу медициналык мекемелерде дарылануу зарылдыгы келип чыга турган болсо дарыгерлер кыргыз үлгүсүндөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүктү талап кылышат. Эгерде алар айыл өкмөтүнөн алдын ала маалыма кат алышкан болсо, маселе келип чыкпайт. Мындай кыйынчылыктан улам кайрылмандар Кыргызстандын аймагында жүрүүдө чектөөлөргө кабылууда;

- Кайрылмандардын арасында жумушсуздук көп, бирок бул жагдай баардык жергиликтүү тургундарга дагы тиешелүү. Балдарга төлөнгөн жөлөк пулдар жетишпейт, ал тургай бул кээде кирешенин жалгыз булагы дагы болуп калат;

“Мониторинг тобунун байкоосунан белгилүү болгондой,  кайрылмандарды бир жерге чогуу отурукташтыруу алардын жергиликтүү эл менен эффективдүү адаптацияланышуусуна жана интеграцияланышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк бербей жатат. Алар өздөрүнүн ички чектелген тобунда жашап жатышат жана өзгөрүп кеткен жагдайларына ыңгайлашууда кыйынчылык пайда кылган социалдык ык-жөндөмдөрүн сактап калууну улантышууда”,-деп мониторингдин жыйынтыгын чыгарды Акыйкатчы Атыр Абдрахматова.