Акыйкатчы: Ирактан жана Сириядан мекенинен кайтып келген балдар менен аялдар мамлекеттик органдардын колдоосуна муктаж болууда

14/03/2023 - 14:18

КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды буга чейин Ирак менен Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардан кайтарылып келинген балдарды жана аялдарды (КРнын жарандары) социалдаштыруу боюнча маселелерде биргелешип иштөөгө чакырды.

Буга чейин Акыйкатчы институту UNICEF Kyrgyzstanдын колдоосу менен Ирактагы жана Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардан кайтып келген балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзгөн.

Негизинен, мониторингде балдардын билим алууга, социалдык жана медициналык камсыздоого карата мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу, ошондой эле коомдогу социалдашуусуна башкы көңүл бурулган.

Согуш аймактарынын репатриация болгондон кийин балдар менен аялдарга тынч коомдо социалдык адаптанцияланыш үчүн колдоо зарыл эле.

Акыйкатчы институту Ирак менен Сириядан кайтып келишкен КРнын жарандарына зарыл болгон көмөктү көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенишүү механизмдерин талкуулаш үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө аянтча түзүп берген.

Атыр Абдрахматова балдардын жана аялдардын эркиндик, билим алуу жана медицина боюнча укуктарынын сакталышынын маанилүү экендигин белгиледи.