Акыйкатчы айымдарды 8-март майрамы менен куттуктайт

08/03/2024 - 12:10

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын аял затын 8-март майрамы менен куттуктайт. 

 

Акыйкатчы өзүнүн куттуктоосунда аялдардын жана кыздардын укуктары менен эркиндиктеринин коргоогонун маанилүүлүгүнө көңүл бурат. 

 

"Урматтуу айымдар! 

 

Сиздерди жаркыраган жазда кирип келген 8-март майрамыныздар менен куттуктайм. Аялдардын укугун коргогон бул маанилүү майрамда каалоорум ар бир аял заты, кыздарыбыз камкордукка, сүйүүгө бөлөнүп коопсуздукта жашасын.

 

Аялдардын укугун коргоо - Акыйкатчы Институтунун өзгөчө көңүл чордонунда.

 

Бүгүнкү күндө үй- бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле кыздарыбызды эрте никеден коргоо багытында системалык түрдө иш алып баруу абдан маанилүү. Мындай актуалдуу көйгөйдү чечүүдө коом менен мамлекеттик органдар бирдиктүү иш алып баруусу зарыл. 

 

Ар бириңиздерге, урматтуу айымдар, өз укуктарыңыз менен эркиндиктериңизди, билимиңизди жана жөндөмүңүздү ийгиликтүү ишке ашырууну каалайм.

 

Сиздердин мээримиңиздер, сулуулугуңуздар, сүйүүңүздөр кереметтерди жаратат.

 

Жаркыраган жаз күнү сиздерге эргүү берип, жакшылыкка үмүт берсин" деди Акыйкатчы өз куттуктоосунда.