Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жана Бизнес-омбудсмен институту Кыргызстандагы ишкерлердин укуктарын коргоодо биргелешип иш алып барат

02/03/2023 - 15:17

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова менен бизнес-омбудсмендин милдетин аткаруучу Нурлан Мусуралиев өлкөдөгү инвестициялык ишмердикти жана ишкерлик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Кызматташтыктын алкагында эки укук коргоочу институт биргелешкен иш-аракеттерди колдонууга ниеттенишүүдө.Алар:

- ишкерлердин укуктарынын бузулушун эскертүү;

- бизнестин укуктарынын бузулушун аныктоо жана жоюу;

- Кыргызстандагы бизнес жүргүзүү чөйрөсүн күчтөндүрүү максатында позитивдүү жетишкендиктер менен өзгөрүштөрдүн туруктуулугун мониторинг кылууну ишке ашыруу;  

- зарыл болгон учурда ишкерлердин арыздарын биргелешип кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу; 

-  мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан ишкерлердин укуктарынын сакталышына мониторинг кылуу;

- ишкерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдардын өзгөрүлүшүн анализдөө, аларды жылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;   

-ишкерлердин укуктары бузулган учурлар аныкталса ага жол берген тараптарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү актыларды багыттоо.

Эки укук коргоочу мекемелердин кызматташтыгы ар биринин мандаты менен байланышкан. Бизнес-омбудсмен 2018-жылдын декабрындагы өкмөттүн чечими менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана мамлекеттик ишканалардын укукка туура келбеген аракеттеринен бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана Кыргыз Республикасындагы ишкер климатты жакшыртуу, коррупцияны азайтуу максатында түзүлгөн.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) мандаты улуттук укук коргоочу катары бир кыйла кенен жана мамлекет, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары же болбосо мамлекеттин баардык аймагындагы жана анын чегинен тышкары юрисдикциядагы кызмат адамдары тарабынан адамдардын укуктары бузулган баардык учурду коргоого багытталган.

Тараптар кызматташтыктын алкагында өлкөнүн экономикалык чөйрөсүндө жагымдуу кызыкчылыктарды түзүүдө эң мыкты жыйынтыктарга жетебиз деген ишенишет.