Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Клара Сооронкулованын саламаттыгынын абалына көңүл бурууга чакырды

24/03/2023 - 12:42

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Клара Сооронкулованын саламаттыгынын абалына көңүл бурууга жана зарыл болгон чараларды кабыл алууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институнун кызматкерлери Бишкек шаардагы 1-тергөө изоляторунда (Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемеси)  иши тергелип жаткан Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкуловага жолугуп келишти.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Клара Сооронкулова Акыйкатчы институнун кызматкерлерине кармоо шарттары боюнча арызданды.

Ага жасалган медициналык операциядан соң кайтарууда турганы кыйынчылык пайда кылганын, ошондуктан реаблитациялоо мезгилине муктаж болуп жатканы жолугушууда белгилүү болду.

Клара Сооронкулова операция болгонуна карабай 1-тергөө абагында аны кармап жатышканына нааразылыгын билдирди.

Бул жолугушунуну жыйынтыгы менен КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова тиешелүү мамлекеттик органдарды Клара Сооронкулованын саламаттыгынын абалына көңүл бурууга жана зарыл болгон чараларды кабыл алууга чакырды.