Акыйкатчы Атыр Абдрахматова: Калктын аярлуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыздоо Конституция менен бекитилген

24/01/2023 - 17:11

“Кыргыз Республикасынын Конституциясында айтылгандай, Кыргызстан социалдык өлкө, ага ылайык, мамлекет тараптан калктын аялуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыздоо боюнча системалуу колдоо керек”,-деп билдирди Акыйкатчы Атыр Абдрахматова турак-жайга карата жарандардын укугу талкууланган тегерек столдо.

Акыйкатчы институнда жарандардын турак-жайга карата укуктарын талкуулоо, ошондой эле аз камсыз болгон жана муктаж тараптарды мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фондулары менен камсыздоо боюнча жагдайды талкууланган эксперттик уктуруу өттү. Талкууга мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абдан көп жарандар турак-жай, жер үлүштөрүнө жетүү боюнча талаштуу маселелерди чечүүгө көмөк сурап кайрылышарын маалымдады.

“Расмий статистикалык маалыматка таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү жаран жакырчылыкта жашайт. Тилекке каршы, дагы эле аялуу топтордун саны азайбай келет. Алардын арасында эң эле көйгөйлүүлөр болуп көп балалуулар, улуу муундагылар, аймактардагы жаштар эсептелет. Ошондой эле үйлөрүн мыйзамсыз тарттырып жиберген, менчиктештирүүдө алданып көчөдө калган адамдар да көп. Алар жылдар бою соттошуп келишет.Дагы бир башкы милдеттердин бири калктын аярлуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыз кылуу”,-деп белгиледи Акыйкатчы.

Акыйкатчы институтуна турак-жай боюнча:

2020-жылы - 110 арыз;

2021-жылы - 95 арыз;

2022-жылы - 62 арыз түшкөн.

2022-жылы Акыйкатчынын атына үлүштүк курулушка катышуудан жабыр тарткан 19 жамааттык жана жеке кайрылуу келип түшкөн. Жарандар курулуш компаниялары менен турак-жай кооперативдерине карата арыз беришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов социалдык турак-жай боюнча маселени мыйзамдуу деңгээлде чечүү маанилүү деп эсептейт.

«Мурда турак-жай менен камсыздоо боюнча программалар бар эле. Мамлекетте мындай практикаларды киргизүү жана ишке ашырууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекет калктын аялуу тобуна колдоо көрсөтүүсү зарыл”,-деп билдирди.

“Биздин укук” коомдук фондунун директору Калича Умуралиева өлкөдө социалдык турак-жайды берүү шарттарынын так критерийлери аныкталган өзүнчө мыйзам ушул кезге чейин жок экенин белгилеп өттү.

Каржылык мүмкүнчүлүктөрү жок адамдар үчүн мамлекет социалдык мамлекеттик ижара турак-жай фондун-социалдык турак-жайды калыптандырат. Аны мыйзам менен аныкталган калктын аялуу тобунун өкүлдөрү колдонууга укуктуу. Ошондуктан “Биздин укук” коомдук фондунун эксперттери тарабынан иштелип чыккан “КРнын социалдык турак-жай жөнүндө” мыйзам долбоору өкмөткө демилгелөөгө берилди, бирок кабыл алына элек.

Эксперттик талкууда жетиштүү турак-жайга калктын жетишүүсү ар кандай жолдор менен камсыздалары белгиленди:

  • Жеке каражаттардын эсебинен экинчи рынокто турак-жай сатып алуу,
  • Ипотекалык насыялоо аркылуу жеке менчик турак-жайды сатып алуу, 
  • Үлүштүк курулушка катышуу,
  • Курулуш турак-жай кооперативдерине катышуу,
  • Калктын айрым топтору үчүн төмөнкү баа боюнча турак-жай сатуу,
  • Жеке менчик турак-жайды ижарага алуу, 
  • мамлекеттик/муниципалдык турак-жайды ижаралоо;
  • мамлекет тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге (көп учурда-укук коргоо органдарынын кызматкерлерине) турак-жай берүү 

КРнын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун директорунун орун басары Р. Джайлобаева ведомство тарабынан иштелип чыккан “Үлүшкө катышуу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады.

Ал тилекке каршы, азыркы учурга чейин үлүш курулушу мыйзамга ылайык жөнгө салынбаганын, миңдеген жарандар акчасыз жана турак-жайсыз калганын, ал эми өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардын айынан курулуш тармагына имидждик жактан сокку берилгенин белгилеп өттү.

Өз сөзүндө Р. Джайлобаева аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын жана биринчи кезекте өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардан жарандарды коргоого жана жарандардын салган каражаттарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле эксперттик талкууда “Биздин укук” коомдук фондунун өкүлү В. Болтобаева Акыйкатчы институтуна караштуу жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө мыйзам” долбоорун тааныштырды.

Мыйзам долбоору жер участокторун, турак-жайды алуу процесстерине катышкандардын мамилесин жөнгө салууга багытталган, анда алуунун өзүнүн эрежелери менен процедуралары биринчи кезекте катардагы жарандардын, ошондой эле баардык катышуучулардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоонун жагдайында чагылдырылган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катышуучуларды Акыйкатчы институту парламенттик орган катары турак-жай тармагындагы жарандардын жана адамдардын укуктарынын сакталышын байкоочу мониторингди мындан ары да ишке ашыра берерин ишендирди.

Талкуунун жыйынтыгы менен анын катышуучулары КРнын Акыйкатчы Институту менен биргеликте “Социалдык турак-жай жөнүндө”, “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө” мыйзам долбоорлорун жакшылап иштеп чыгып жана аны өлкө парламентине демилгелөөгө жана кабыл алууга жөнөтүүнү чечишти.

Талкууга Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов, КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары К. Ж. Абдрахманов, мамлекеттик органдардын, КРнын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, “Биздин укук” жана “Ош-Интербилим” коомдук фондуларынын өкүлдөрү, жарандардын турак-жай укуктарын коргоо жана ишке ашыруу маселелери менен иш алып барган көз карандысыз эксперттер катышты.