Акыйкатчы Атыр Абдрахматова институттун ишмердигинде аялдар жана балдарды зомбулуктан коргоо боюнча жаңы багытты ишке киргизет

06/03/2023 - 19:38

Омбудсмен Атыр Абдрахматова: “Өкмөттүк эмес уюмдардын эксперттери жана адвокаттар менен биргеликте зомбулуктан жабыр тарткан ар бир аялдын жана балдардын кызыкчылыктарын баардык баскычта коргойбуз, бул мамлекеттик системаны ар бири үчүн натыйжалуу жана жеткиликтүү кылууга алып келиш керек” 

Акыйкатчы институту балдарга жана аялдарга карата зомбулук жана укук бузуулардын саны жогору болуп жатканын белгилейт. Жыл сайын өлкөнүн башкы укук коргоочусуна 200дөн ашык ушундай маанидеги  кайрылуулар келип түшөт. Ошол эле маалда бул эсеп маселени толук чагылдырбайт, анткени мындай иштерге жооптуу мамлекеттик органдардан коргоо ала албай Акыйкатчынын колдоосунан адилеттикке жетерине ишенип келгендердин саны эле ушунча.

Акыйкатчы институтуна келген даттанууларды, ошондой эле ЖМКлар менен социалдык тармактардагы кабарларды анализдей келгенде, азыр иштеп жаткан мындай иштердин механизмдери баардык эле учурда натыйжалуу эместигин жана баардык эле учурда жабыркагандардын укуктарын калыбына келтире албасын көрсөтүп турат.

Баардык жоопкер органдардын жалпы биргелешкен ишин уюштурууда дагы деле болсо жетишсиз жактар бар. Ал эми көз карандысыз изилдөөлөр балдар менен аялдарга зомбулук жасалган учурлардын 60 пайыздан ашыгы ачыкка чыкпай каларын, анткени жабыркагандар кайда кайрыларын билбегенин, коркконун жана эң эле начары- мамлекеттик органдарга (милиция, прокуратура, сот) жана адвокаттарга ишенбегенин көрсөтүп турат.

Ошондуктан Акыйкатчы  Атыр Абдрахматова институттун ишмердигинде жаңы багытты ишке киргизет-өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте бул  процесске зомбулуктун кайсы түрүнөн болбосун коргоону камсыздоого жооптуу болгон бүт мамлекеттик органдарды тартуу менен аялдарга жана балдарга карата зомбулук болсо анын баардык баардык баскычтарында коштоп барат.

“Демилгенин максаты-биргелешкен аракеттер менен мурда тиешелүү коргоо ала албаган конкреттүү аялга, конкреттүү балага көмөк берип, зомбулуктун курмандыгы мындай жагдайда жалгыз калбаш үчүн ведомстволор аралык аракеттерди күчтөндүрүү. Өкмөттүк эмес уюмдардын, адвокаттардын биргелешип иш алып баруусунан  түзүлгөн Акыйкатчы институнун ишиндеги жаңы багыт юридикалык көмөк берүү, жабыркагандар үчүн социалдык, психологиялык жардамга, ал тургай баш калкалоочу жай таап берүүгө багыттоо боюнча механизмдерди камтыйт. Мындай жол менен биз мамлекеттик системада жабырлануучуну коргоо натыйжалуу жана жеткиликтүү болусуна мүмкүндүк түзөбүз”,-деп белгиледи Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчынын айтымында, айрым мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин туура аткарбагынан улам, алардын адам укуктарынын баалуулуктарын карманбаганынан улам же болбосо тиешелүү экспертизаларды жана алгачкы далилдерди топтоодо чараларды өз убагында  жүргүзбөгөндүктөрүнөн улам мамлекеттик система аялдар менен балдарга карата зомбулуктун үрөй учурган учурларында ийкемдүү болбой калышына алып келүүдө.

Анын кесепетинен жабыркагандар мамлекеттик түзүмдөрдүн эшигин каккылап, тиешелүү көмөк ала алышпай, ал тургай кээде тескерисинче күнөөлөө менен орой мамилеге кабылып жатышат. Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери жабырлануучуну айып коюудан баш тарттырууга аракет кылган учурлар да көп. Күзөт ордери сыяктуу укуктук инструмент боюнча дагы маселелер бар.  

Ошондуктан зомбулуктун курмандыктарын коргоо боюнча ишке кирип жаткан жаңы механизмдердин алкагында ведомстволор аралык жумушчу топтор бирдиктүү кейстерди карап чыгуудан тышкары, системалык маселелерди аныктап жана биргелешкен чечимдерди- жабыркагандарга көмөк бериш үчүн так сунуштамаларды иштеп чыкмакчы.