Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткенде ишембиликке катышты

18/03/2023 - 12:54

Бүгүн, 18-марта КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери жана жетекчилиги ишембиликке катышты.

Бишкекте Акыйкатчынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тиешелүү аймакты таштандыдан арылтышып жана имарат менен кызматтык кабинеттерин тазалашты.

Акыйкатчынын аймактагы өкүлдөрү жергиликтүү бийлик органдары бөлүп берген участоктордо иш алып барышты.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ишембиликти Баткен областындагы Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүп, Чек айылына жакын жердеги Баткен-Ош трассасынын жээгиндеги 1 чакырымдай участокту тазалап, иретке келтирүү иштерине катышты.

Арыкты таштандыдан арылтып жаткан учурда кызматкерлер камыштын арасына унаанын мамлекеттик номерин таап алышты.

Баткен областындагы акыйкатчынын өкүлү Абдалим Мамаев кызматкерлер таап алган мамлекеттик номер боюнча билдирмени Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жөнөтүүгө ниеттенүүдө.