Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен областынын тургундарын жеке кабыл алып жатат

15/03/2023 - 13:59

Бүгүн, 15-мартта Баткен областынын Раззаков шаарындагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова жарандарды жеке кабыл алды. 

Акыйкатчыга жолугушууга Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган жергиликтүү тургундар, ошондой эле Тажикстандан качууга мажбур болгон этникалык кыргыздар келишти.

Аскердик агрессиядан жабыркаган Лейлек районунун тургундары Акыйкатчыга алардын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышты.

Негизинен жабыркагандар алар үчүн мамлекеттен бериле турган көмөк тууралуу толук маалыматтары жок экенин билдиришти.

Алардын айтымында, мамлекет тарабынан келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү ишке аша элек, анткени Баткен жана Ош областтарында куралдуу конфликттин кесепетинен жабыркаган жана бузулган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия дагы деле болсо өз ишин жыйынтыктай элек.

Жабыркагандар мамлекет тарабынан келтирилген чыгымдарды калыбына келтириш үчүн аларга канча каражат качан төлөнөрүн жана буга чейин алардын чыгымдары үчүн төлөнгөн сумма бул каражаттан кемитилеби же жокпу билбей жатышат.   

«Бизге качан жана канча төлөп беришерин билбей жатабыз, маалыматыбыз жок. Жергиликтүү бийлик органдары “келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча комиссиянын кортундусу министрлер кабинетине берилди” деп жатышат. Бирок ким канча алары белгисиз. Алты ай өттү, болгону 200 миң сом көлөмүндө көмөк алдык. Бирок үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө бул сумма кийим алуу менен жашаганына араң жетет”,-деп билдиришти чек ара айылдарынын жабыркаган тургундары.

Арка айылынын жашоочусу аскердик чатактан улам балдар төрт айдан бери мектепке барбай жатышканын айтты, анткени алар качууга мажбур болушкан.

“Мектепти аяктап жатышкан окуучулардын абалы ойлондурат, быйыл мектепке бара албай калышты, алар болсо жогорку окуу жайга тапшырыш үчүн ЖРТ тапшырышы керек”,-дешти жеке кабыл алууга келгендер.

Акыйкатчы Билим берүү жана илим министрлигине Баткен областынын чек ара райондорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн өзгөчө шарттарды түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын белгилеп өттү.

Атыр Абдрахматова бир ирет берилчү көмөк-бул башка чара экенин, бул келтирилген зыянды төлөө боюнча суммага кирбей турганын түшүндүрдү.

Ал ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнөн келтирилген зыян боюнча төлөмдөрдү алыш үчүн зарыл болгон документтерди жеринде берүүнү талап кылды.

“Жергиликтүү бийлик органдары ар бириңиздерге чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча комиссиянын актыларын берүүгө милдеттүү. Сиздердин кайрылуулар боюнча биз өзүбүздүн мандатыбызга ылайык суроо билдирмелерди даярдайбыз”,-деп айтты омбудсмен.

Лейлек районунун акиминин орун басары Маскатай Каримбердиева жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн токтоосуз чакырып, алар жабыркагандардын суроолоруна жооп беришти.

Максат айылынын тургуну буудай айдай албай жатканын, анткени коңшу республиканын тургундары түн ичинде ал орноткон септикти бузуп кетишкенин айтып даттанды.

Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы бул маселе КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын деңгээлинде чечилерин билдирди.

Ошондой эле акыйкатчы кайрылмандар-Тажикстандан кайтууга аргасыз болушкан этникалык кыргыздар менен жолугушту.

Кайрылмандардын башкы көйгөйү - улгайып калган жакындарына пенсия алууга мүмкүн эместиги болду, анткени тажик тарап тиешелүү маалыматтарды бербей жатат. Ошондой эле алар турак-жайга байланыштуу чечиле элек маселелерине да токтолушту.

“Мен Кыргызстан үчүн жанымды берүүгө даярмын.Тажикстандан качып келгенден кийин Кыргызстанда жумушка орноштум. Бирок менен улгайган ата-энем пенсия ала албай жатышат”,-дейт кайрылмандардын бири. 

Социалдык фонддун райондук башкармалыгынын өкүлү аларга кайрылган 57 кайрылмандардын ичинен 40 адам учурда Кыргызстандын бюджетинен пенсия алып жатышканын маалымдады.  

“Тажик тарап 40 адам боюнча маалымат берди, алар аталган өлкөдөн пенсия алып жүрүшкөнүн тастыкташты.17 адам боюнча маалыматты биз ала албай жатабыз, ошондуктан аларга пенсия которо албайбыз. Мындай иштердин бири үчүн алты ирет суроо билдирмеси жөнөтүлгөн”,-деп түшүндүрдү ал.    

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бул маселе боюнча Тажикстандын Омбудсменине кайрыларын маалым кылды.