Акыйкатчы Атыр Абдрахматова АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

21/02/2023 - 16:04

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышынын абалын талкуулашты.

Жолугушууда тараптар адамдардын социалдык абалына, жынысына, жарандыгына жана башка көрсөткүчтөргө карабастан социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы түзүлгөн шарттар боюнча пикир алмашуу менен бирге, сөз эркиндигинин, гендердик теңчиликтин сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын өзүнө расмий эл аралык деңгээлде алган милдеттенмелердин аткарылышына жана бардык мамлекеттик органдардын бул милдеттенмелерди так сактоосу козголуп, Кыргызстандын Акйыкатчысынын макамын жогорулатуу керектиги баса белгиленди.