Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, бюджетке кайтарды

17/01/2023 - 12:12

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарды.   

2022-жылга Акыйкатчы Институтуна бюджеттен 60 146,6 миң сом каралган. Анын ичинен 86 пайызы эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө бөлүнгөн. Дагы 1,8 пайызы командировкаларга, 3,2 пайызы коммуналдык кызматтарга, 1,9 пайызы транспорт кызматтарына, башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга - 1,6%, учурдагы оңдоого - 3,1% (пайдаланылган эмес) жана башка чыгымдарга каралган.

2022-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик кызмат системасын реформалоонун алкагында Акыйкатчы Аппарат кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсеге көбөйткөн, бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат – 24 миллион сомго жакын бөлдүрүү керек эле.

Бирок, Акыйкатчы Аппаратынын ишин кардиналдуу реформалоо менен мамлекеттик ресурстарды оптималдаштыруунун натыйжасында бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө жетишүү мүмкүн болду.

Кошумча каржылоону талап кылбастан, бекитилген бюджеттин чегинде иш алып баруу менен 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарды.