Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери “Кемпир-Абад иши” боюнча жарандардын тынч жыйынына мониторинг жүргүзүштү

18/03/2023 - 13:54

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институнун кызматкерлери 17-мартта баш калаадагы Максим Горький атындагы паркта “Акыйкаттык жана эркиндик үчүн” деген ураандын алдында өткөн жарандардын тынчтык жыйынына мониторинг кылышты.

Митингге “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта кармалган 27 адамдын 200дөй туугандары жана тарапташтары катышты.

Мындан тышкары Мамлекеттик каржы полициясынын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Исмаил Исаков жана башкалар жыйынга катышты.

Демонстранттар колдоруна төмөнкүдөй: “Кубанычбек Кадыровдго боштондук”, «Саясий туткундарга эркиндик», «Бекназаровго боштондук», «Эки дос эсиңе кел!», «Бизге адилеттүү сот керек», “Биз сөз эркиндиги жана ынанымдарын колдойбуз”, “Биз ачык сотту талап кылабыз”, “Кемпир-абадчыларга боштондук”, “Саясий туткундарга боштондук. Клара Сооронкулова”, “Эркиндик –эң жогорку баалуулук” жана башка көптөгөн мазмундагы плакаттарды кармап турушту.

Катышуучулар 2002-жылы 17-мартта Аксы окуясында курман болгондордун элесине багыштап куран окушту. Андан соң алар сөз алып сүйлөшүп жана беш айдан бери тергөө абагында кармалып тургандарды бошотуу талаптарын айтышты.

Ошондой эле катышуучулар бийликке  төмөнкүдөй талап койгон резолюцияны кабыл алышты:

― сот реформасын жүргүзүү жана бийликтен соттордун толук көз карандысыздыгын камсыздоо, анткени азыркы учурда сот системасынын адилеттүүлүгүнө эч ким ишенбейт;

― Көз карандысыз ЖМКларга анын ичинде «Азаттык», «Кактус»  жана «Политклиникага» кысымды токтотуу;  

―  Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган журналист Болот Темировдун жарандыгын калыбына келтирүү жана аны мекенине кайтарып келүү; 

― Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча мыйзамсыз кармалгандары бошотуу;

―  Чакан жана орто бизнеске өлкөдө жакырчылык жана жумушсуздук күчөп жаткан маалда мамлекеттик казынаны толтурабыз делип министрлер кабинети тараптан жасалып жаткан кысымды токтотуу. Мунун ордуна министрлер кабинети реалдуу күрөштү баштап, ошондой эле жумушчу орундарды түзүү менен иш алып барышы керек.   

Айтылган талаптар аткарылбай калган учурда катышуучулар мөөнөтсүз тынчтык митингдин улантууга мажбур боло тургандыктарын билдиришти. 

Камакта кармалган Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай кармалгандарын туугандарына жолугушууга, телефон менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк бербей жатышканын айтты. Ал бийлик коркутуу жолу менен авторитаризмге бара жатат деген жыйынтык чыгарууга боло турганын, бүгүнкү митингдин максаты-адамдарды коркутуу жана сөз эркиндигин (мисал катары кысымга  кабылган «Азаттык»  жана «Политклиника» кейсттери )  чектөөгө каршы болуу экенине токтолду.

Мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тынчтык митингди өткөрүүгө эч кандай тоскоол болушкан жок.

Акыйкатчы институту аталган иштин башынан бери-активсттерди жана укук коргоочуларды кармаган күндөн тартып мониторинг жүргүзүп келет.

Ошондой эле иши тергелип жаткандардын баш коргоо чараларын тандоо боюнча соттук жыйындарга дагы мониторинг кылууда. Акыйкатчы жана институттун кызматкерлери гана кармоо шарттары менен жеринде таанышуу үчүн СИЗО-1 абагына кармалгандарга барышууда. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын укуктарын сактоого байланыштуу маселени карап чыгуу чакырыгы менен үч ирет Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылган.

Ошондой эле Акыйкатчы Атыр Абдрахматова буга чейин Президентке, Башкы прокуратурага кармоодогу жана баш коргоо чараларын тандоодогу адам укуктарынын бузулушу боюнча чара көрүү тууралуу кайрылган.