Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова менен жолукту

01/04/2022 - 11:52

2022-жылдын 1-апрелинде Акыйкатчы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Жогорку Кенештин Төрагасы Талант Мамытов менен жолугуп, “2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын абалы жөнүндө” жылдык баяндамасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кароосуна киргизгендигин билдирди.

Мындан сырткары 2019-2020-жылдарга карата жазылган Акыйкатчынын жылдык баяндамалары, жакынкы арада 2021-жылдык баяндама менен бирге КРнын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү керектигин белгиледи.

Жолугушууда 2021-жылы жүргүзүлгөн Конституциялык реформага ылайыкташтыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык Мыйзамы кабыл алынышы керектиги да айтылды.

Бул конституциялык мыйзам кабыл алынса:

1) жарандарыбыздын жылдап чечилбеген көйгөйлүү маселелеринин чечилишине өбөлгө түзөт;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Кыргыз Республикасында адам укуктарынын сакталышына көзөмөлду күчөтөт; 

3) Акыйкатчынын макамын эл аралык стандарттарга дал келүүсүн камсыздайт жана эл аралык аренада мамлекетибиздин аброю жогорулайт.