Ж.Молдокматов: ачкачылык жарыялоонун себеби - бөгөт коюу чарасын камакка алуу менен байланышпаган чарага өзгөртүү эмес, кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга бирдей мамиле кылуу талабы
Бүгүн, 2021-жылдын 29-июлунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын УКЖна барышып, ушул жылдын 27-июлунан саат 20: 00дөн бери ага карата айыптоого макул болбой, ачкачылык жарыялаган камактагы Жеңиш Молдокматов менен жолугушту. Ал имараттарды басып алуу жана массалык башаламандык боюнча айыпталып жатат.
Тергөөдөгү адамга барганда анын ден-соолугунун абалы канааттандырарлык. Ж.Молдокматовдун айтымында, анын ден-соолугу күн сайын начарлоодо. Ошондой эле, анын суранычы боюнча дарыгердин текшерүүсүнөн өткөнүн билдирди. Кароонун жыйынтыгы боюнча, дарыгер зарыл болгон медициналык текшерүүлөрдү жана туруктуу медициналык көзөмөлдөн өтүп туруусун айткан.
Ж.Молдокматов азыркы күнгө чейин 80 томдон турган кылмыш ишинин 17 тому менен таанышып чыкканын айтты. Ошол эле учурда ал №1 ТИЗОго которулуу ага иштин материалдары менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга көмөктөшүүнү суранды.
Ошондой эле, Ж.Молдокматов ачкачылык жарыялоонун себеби өзүнүн баш коргоо чарасын камакка алуу менен байланышпаган түрүнө өзгөртүү каалоосу эмес, кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга бирдей мамиле кылуу талабы деп түшүндүрдү.