Жергиликтүү кеңешке шайлоого мониторинг жүргүзүү учурунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери улуулардын коштоосусуз Манас проспектисинде жүргөн баланы табышкан

10/04/2021 - 14:57

Бүгүн, 2021-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасында өтүүчү референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго мониторинг жүргүзүү учурунда КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Манас проспектиси менен (Москва көчөсү менен кесилишкен жерден) түштүк багытка Бөкөнбаев көчөсүн көздөй басып бараткан 5-6 жаштар чамасындагы балага көңүл бурушту. Көрүнүшүнөн бала тыкан кийинген, бирок жанында ата-энеси же коштогон чоң адам жок. Аны байкабай коюуга мүмкүн эмес эле. Анткени жол кыймылына тоскоолдук келтирип, чоң жолдо бараткан. Жеңил машиналардын жана маршруттук таксилердин айдоочулары ага кыйкырышып, сигнал басканына кайдыгер бараткан бул бала көрсө дүлөй да экен. Акыйкатчы аппаратынын Балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова, чоң жолдогу баланы коопсуз жерге жетелеп чыккан.

Аны апасы “Курулушчулар полдиклиникасы” деп аталган поликлиникага дефектологго көрсөтүү үчүн алып келген, бирок апасы телефонго алаксып калган учурда бала поликлиниканын башка эшигинен сыртка чыгып, чоң көчөгө түшүп алган.

Баласын таппай калган эне түз эле Манас проспектисинен түндүк жакты көздөй издеп жөнөгөн. Акыйкатчы аппаратынын кызматкери дароо 102 кызматына чалган. Бул арада апасы да жете келди.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери патрулдук милиция кызматкерлерине жана тынчы жок, шок баланы ошол жерден жылдырбай кармап турууга көмөктөшкөн кайдыгер карабаган мырзага ыраазычылык билдиришет. Акыйкатчы аппаратынын кызматкери баланын апасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын укук милиция кызматкерлерине айтты.