Жеңиш Молдокматов ачкачылык акциясын токтотту

05/08/2021 - 15:58

Бүгүн, 2021-жылдын 5-августунда КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын сунуштамасы боюнча Жеңиш Молдокматов улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөрүлдү. Дарыгерлер белгилегендей, Ж.Молдокматов ачкачылык акциясы учурунда 6 килограм салмагын таштаган. Анын ден соолугунун абалы начарлап, дарыгерлер анын жүрөгү ооруганын аныкташкан.

Дарыгерлердин сунуштамаларын эске алуу менен, ошондой эле КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбековдун, өз тарапташтарынын, “Туран”демократиялык  партиясынын  мүчөлөрүнүн жана башка саясатчылардын өтүнүчтөрүн эске алуу менен Жеңиш Молдокматов өзүнүн ачкачылык акциясын токтотту.