Жаза мөөнөтүн өтөө кийинкиге жылдырылган М.Р. бир жумадан кийин көз жумган

14/01/2022 - 10:41

Буга чейин КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) басма сөз кызматы соттолгон М.Р.нын катуу ооруп жатканы, жаза мөөнөтүн жылдыруу зарылдыгы тууралуу жазган.

Белгилей кетсек, соттолгон жаран, 1977-жылы туулган М.Р Каракол шаарында 2022-жылдын 2-январында     каза тапты. Ал 2018-жылдын  бери №2 түзөтүү  колониясында жаза мөөнөтүн өтөп келип,. 2021-жылдын декабрь айынын аягында жазаны өтөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган.  Акыйкатчы  институту М.Р.нын жакындарына көңүл айтат.

Белгилей кетсек, анын күйөөсүнүн өтүнүчү менен КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматкерлери аны камак жайынан бошотуу боюнча бир катар иштерди жүргүзүшкөн. 2021-жылдын сентябрь жана октябрь айларында  №2 түзөтүү колониясына  барып, соттолгон М.Р.нын оор абалын өз көздөрү менен көрүшкөн.

2021-жылдын 23-сентябрында жалпы ден соолугунун кескин начарлашына байланыштуу Чүй облустук ооруканасына тез арада жаткырылган, анда: лакунардык инфаркт, дисциркулятордук энцефалопатия, III даражадагы гипертония, III даражадагы өтө коркунучтуу, физикалык күчөгөн стенокардия ФК-3. деген диагноздор коюлган. Ооруканага соттолгон М.Р.  2-октябрга чейин дарыланган. Андан соң 10 күн бою «Доктор Мендибаев» жеке менчик медициналык клиникасында дарыланган. Андагы дарыгерлер М.Р. жашаган жери боюнча невропатолог жана терапевттин дайымкы байкоосу керектигин , ошондой эле физикалык жана психоэмоционалдык стрессти чектөө сунушташкан.

Түзөтүү колониясында болуу шартында физикалык жана психоэмоционалдык стрессти чектөө реалдуу эмес экени белгилүү. Бирок, 2021-жылдын 13-октябрында Аламүдүн райондук соту соттолгон М.Рдын катуу ооруп жатканына байланыштуу жазаны өтөөнү  кийинкиге калтыруу жөнүндө. арызын канааттандыруудан баш тарткан. Сот Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын санитардык бөлүмүнүн дарыгерлеринин да көрсөтмөлөрүн эске алган эмес.

М.Р.дын жолдошу Аламүдүн райондук сотунун чечимине даттанып, Чүй облустук сотуна кайрылган. Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы да баш тарткан.

М.Р.нын жолдошу Н. Бейшембиев дагы бир жолу бардык медициналык документтерди топтоп, Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. 2021-жылдын 23-декабрында гана Аламүдүн райондук сотунун судьясы соттолгон М.Р. жаза өтөө мөөнөтүн кийинге калтыруу чечимин чыгарган. Ал эми 2021-жылдын 25-декабрында ал Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнөн чыгарылган. М.Р.нын жолдошу Н. Бейшембиевдин айтымында, эгерде медициналык көрсөткүчтөр менен М.Р. бир аз эртерээк бошотулса, балким, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок.