Жаңы кабыл алынган кызматкерлер аналитикалык документтерди түзүү боюнча окуудан өтүштү

13/09/2021 - 12:23

2021-жылдын 6-сентябрынан 10-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери  "Адам укуктары жаатында аналитикалык документтерди иштеп чыгуу" деген темада семинар -тренингге катышты.

Бул курс кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, алардын аналитикалык жөндөмдөрүн чыңдоого жана жаңылоого багытталган, бул документтерди жогорку сапатта  түзүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, катышуучулар адам укуктары боюнча аналитикалык документтин жалпы мүнөздөмөлөрү жана милдеттери менен таанышышты. Семинардын катышуучулары Акыйкатчы институтунун ички документтеринин негизинде аналитикалык материалдарды даярдоо учурунда алган билимдерин бекемдешти. Ошондой эле аналитикалык документтерди даярдоо процессинде башкы кеңсе менен аймактык өкүлчүлүктүн өз ара аракеттенүү тажрыйбасы талдоого алынды жана практика жүзүндө колдонулуп көрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппарат жетекчиси А.Азарбеков белгилегендей, бул семинарга негизинен  Борбордук  аппараттын кызматкерлери, ошондой эле КР Акыйкатчысынын облустук өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты. Эксперт-тренердин милдетин Бакыта Качикеева аткарды. Семинар Даниядагы адам укуктары институтунун көмөгү менен “Кыргыз Республикасында Мыйзамдуулуктун үстөмдүгү - 2 –баскыч”  программасынын алкагында, ошондой эле Кыргызстандагы Европа Биримдигинин колдоосу менен уюштурулду жана өткөрүлдү.