Жанибек Жоробаев Конституциялык соттун 35 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты

20/06/2025 - 11:24

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басары Жанибек Жоробаев “Жаңы демократиялуу өлкөлөрдө конституциялык сот адилеттигинин калыптанышы” темасында Конституциялык соттун 35 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты. 

Иш-чара Ысык-Көлдө өтүп, ага Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Хорватия, Түштүк Корея, Румыния, Россия жана башка мамлекеттердин Конституциялык сотторунун өкүлдөрү катышты. 

Конференцияда конституциялык көзөмөмөл институттарынын калыптанышы, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле заманбап технологияларды соттордун иш тажрыйбасында колдонуу маселелерин талкуулашты. 

Жанибек Жоробаев өз сөзүндө Конституциялык сот 35 жыл аралыгында Конституциянын үстөмдүгүнүн, адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун, адилеттүүлүк принциптерин камсыз кылуунун кепили болуп келгенин белгиледи. 

“Ушул убакыт аралыгында Конституциялык сот соттук бийликтин түзүмүндө өзгөчө орунду ээлеп келет. Конституциянын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн орган катары ал укуктук туруктуулукту камсыз кылууда, конституциялык баалуулуктарды коргоодо жана коомдо укуктук маданиятты калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт”- деди Жоробаев. 

Ошону менен катары эле, Жанибек Жоробаев Акыйкатчы Институту менен Конституциялык соттун тыгыз кызматташтыгын белгилеп өттү.

Ал тараптар жарандардын укуктарын коргоодо биргелешкен изилдөө жүргүзүп, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана Конституциялык сот менен Акыйкатчы Институтунун ролун популяризациялоо боюнча материалдарды даярдоо иштери жүрүп жатканын билдирди. 

 “Акыйкатчы Институту менен Конституциялык соттун кызматташтыгы укуктук маселелерди толук жана объективдүү талдоого өбөлгө түзөт. Ар бир институт өзүнүн конституциялык мандатынын алкагында иш жүргүзгөнү менен, алардын ишмердүүлүгүнүн жалпы максаты  - адамдын жана коомдун кызыкчылыгына кызмат кылуу”- деди Жоробаев.