Жанибек Жоробаев: Кайрылмандардын укугун коргоо Акыйкатчы институтунун өзгөчө көңүл борборунда

05/06/2024 - 11:01

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Жанибек Жоробаев менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин жетекчиси Елена Гусева сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында кызматташуунун конкреттүү чаралары талкууланды.

Тараптар качкындардын, ошондой эле башпаанек издегендердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча кызматташууну күчөтүүнү макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акыйкатчы институту менен Кыргыз Республикасындагы БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы жакынкы келечектеги биргелешкен иш-чаралар боюнча документке кол коюшту.

Белгилей кетсек, документте качкындардын, башпаанек издегендердин жана жарандыгы жок адамдардын муктаждыктарын жана талаптарын биргелешип баалоо каралган.

Жоробаев БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Улуттук өкүлчүлүгүнүн жетекчисине Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Качкындардын, ошондой эле башпаанек издегендердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо Акыйкатчы институтунун ар дайым өзгөчө көңүл борборунда. Бул маселенин орчундуу актуалдуулугу бар, биз албетте, бул багытта дагы да болсо чоң иштерди аткарышыбыз керек. Бүгүн сиз экөөбүз алардын укуктарын коргоого натыйжалуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү маанилүү документке кол койдук. Тактап айтканда, документте биздин качкындарга өз укуктарын ишке ашырууга жардам берүү боюнча биргелешкен кадамдарыбыз так жазылган», - деди Жоробаев.

Жоробаев белгилегендей, институт башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону такай көзөмөлдөп турат.

«Акыйкатчы институту этникалык кыргыздар тарыхый мекенине көчүп келгенден кийин кандай көйгөйлөргө туш болгонун ийне-жибине чейин изилдеп чыкты. Көбүнчө адам укуктарын бузуулар болгон. Ал эми бул абал бизди тынчсыздандырат. Ошого карабастан биздин кызматкерлер алардын укуктарын калыбына келтирүү үчүн бардык чараларды көрүп жатышат», - деди  Жоробаев.

БУУнун КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Елена Гусева качкындардын жана башпаанек издегендердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоодо эки уюмдун кызыкчылыктарына жана баалуулуктарына дал келерин баса белгиледи.

«Биздин биргелешкен аракеттерибиз бул категориядагы адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу боюнча натыйжалуу жыйынтыктарды берет деп ишенем», - деди ал.