Жамиля Жаманбаева жумуш ордунда коопсуздукту, жеке кол тийбестикке болгон укукту жана тең укуктуулукту так сактоого чакырат

29/04/2026 - 11:13

КРнын Акыйктчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева бардык мамлекеттик органдарды жана мекемелерди жумуш ордунда жеке кол тийбестикке болгон укукту, коопсуз эмгек шарттарын жана тең укуктуулукту так сактоого чакырат. 

Жамиля Жаманбаева белгилегендей, ыдыктын (харассменттин) бардык түрлөрү (сексуалдык асылуу, моралдык басым, дискриминация) адамдын аброюна шек келтирип, ошондой эле улуттук мыйзамдардын жана эл аралык милдеттенмелердин, анын ичинде Эл аралык эмгек уюмунун №190 Конвенциясынын талаптарын бузат. 

Акыйкатчы коомдогу мындай көрүнүштөр адамдын негизги укуктарын бузуп, анын саламаттыгына олуттуу зыян келтирерин баса белгилейт. 

Акыйкатчыга милициянын старшинасы М.Б. кайрылып, кесиптештери тарабынан ыдыкка кабылып жатканын айтып, укугун коргоп берүүнү өтүндү. 

Арыз ээсинин айтымында, ал жумушта психологиялык жана моралдык басымга, ошондой эле асылууга дуушар болгон. 

Анын айтымында, кызматтык даражасы жогору болгон кесиптештери аны мазактап, шылдыңдап жана кемсинтишкен.

“Бир жолу жумуш учурунда командир кирип келип эле дароо мага карата адепсиз сөздөрдү айтты. Бул тууралуу жогорку жетекчиликке билдирдим, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Тескерисинче, менин арыздануумду укпай, психологиялык басым көрсөтүштү”, — деди М.Б.

М.Б. күзөткө келип иштеп жаткан окуу жайдын кызматкерлерине да даттанган.

“Университеттин күзөтчүлөрү менин турмушка чыга элек экенимди билип, мени ар ким менен тааныштыруу аракетин кылышчу. Айрым учурларда тааныштарын да алып келишкен. Атайын адепсиз видеолорду катуу үн менен коюп алышчу. Бир жолу мени жумушка киргизбей, жарым саат көчөдө күттүрүшкөн”, — деп билдирди М.Б.

Ал арыз жазгандан кийин жетекчилик тарабынан басым күчөгөнүн кошумчалады. 

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Ош шаардык прокуратурага М.Бнын арызы боюнча текшерүү жүргүзүү жана мыйзам бузуу фактылары аныкталса, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну сунуштап кат жолдогон. 

Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кызматтык милдетин так аткарбаганы жана кол алдындагы кызматкерге орой мамиле кылгандыгы үчүн командирге сөгүш жарыяланган. 

Ал эми окуу жай Акыйкатчы Институтуна университеттин эки күзөтчүсүнө карата КРнын Эмгек кодексине жана окуу жайдын ички  эрежелерине ылайык тартиптик чаралар көрүлгөнүн маалымдаган.

2025-жылы Акыйкатчы Институтуна ыдыкка кабылганына даттанып 2 арыз келип түшкөн.