Жамиля Жаманбаева министрлер кабинетине аттракциондорду коопсуз иштетүү эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

16/07/2024 - 11:25

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырат. 

Жамиля Жаманбаева Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги No171 токтому менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз иштетүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өтүнүп, министрлер кабинетине кайрылуу жолдоду.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдеп чыгып, жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан аттракциондордун ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгына токтолду.  Айта кетсек,“банджи-джампингди” аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге киргизүүнү сунуштайт.

"Банджи-джампинг" механикалаштырылбаган аттракциондун катарын толуктаганына карабастан жогоруда айтылган токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн аттракциондордун түрлөрүнүн тизмесине киргизилген эмес. Атап айтканда, аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.

Анын үстүнө, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында механикалаштырылбаган аттракциондун бул түрүн коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча эч кандай талаптар каралган эмес.

«Албетте, Кыргызстанда тоо туризминин ар кандай түрлөрүн жана экстремалдык көңүл ачууну ишкердиктин бир түрү катары өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Бул жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын иш менен камсыз болушуна шарт түзөт. Бирок, адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо башкы фактор болушу керек. Мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек», - деди Жамиля Жаманбаева

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы министрлер кабинетине аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоонун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, анын ичинде аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары “банджи-джампингди” кошууну жана анын иштеши үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды камсыз кылуу кректигин билдирген кат жолдоду.

 

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-июлунда Аламүдүн районунун Татыр айылында 39 жаштагы жаран экстремалдык аттракциондон секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, каза болгон.