Жамиля Жаманбаева: Кыргызстанда өзгөчө балдар коомдо өгөйлөнбөй, мамлекеттик деңгээлде колдоого муктаж

20/06/2024 - 16:28

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Ибраим Нуракун уулунун өзгөчө уулу Урмат тууралуу тартылган тасманын жабык көрсөтүүсүнө катышты. 

“Балким бир күн сурармын” аталышындагы тасма толугу менен өзгөчө балдар Кыргыз Республикасынын толук кандуу жараны катары баардык мамлекеттик камкордукка, укугу корголгон коомго муктаж экенин көрсөттү. 

Кыргыз Республикасынын 
Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева биздин өлкөдө кандай өзгөчөлүгү болгон бала болбосун толук кандуу укугу корголуп, коом менен чогуу болушу керек экенин белгиледи. 

Анын айтымында, мындай балдарга мамлекеттик деңгээлде камкордуктар көрүлүп, шарттар түзүлүп, алардын ата-энелерине да колдоо керек.

Урматтын эжеси Зейнеп келечекте инисиндей болгон балдардын укугун коргойм деп Американын эң алдыңкы университетинен юридикалык билим алып жатат. 

Фильмге сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш режиссерлук кылган.

Тасма англис тилине которулуп, эл аралык кинофестивалдарга да катышары айтылды. 

Тасмада Урматтын өзгөчө жан дүйнөсү, ата-эне, жакындары менен болгон тунук сүйүүсү,  коомдогу өгөйлөнгөн көйгөйлөрү тууралуу көрсөтүлгөн. 

Ошондой эле, Урматтын апасы менен эжеси Зейнептин ыйлап айтып бергендери келгендердин жан дүйнөсүн козгоп, таасирлентти.