Жамиля Жаманбаева Конституция күнүнө арналган форумга катышты

16/05/2025 - 11:01

Акыйкатчы Институту укуктук жана демократиялык коомду өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жана иш чараларды колдоого ар дайым даяр. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева “Кыргыз Республикасындагы конституционализм: азыркы абалы жана өнүгүү келечеги” аталышындагы юридикалык форумунда билдирди. 

Конституция күнүнө арналган форумга Конституциялык соттун жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, Юстиция министрлигинин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана юристтер катышышты.

Жамиля Жаманбаева иш-чара, укуктук маданияттын баалуулуктарын жеткирүүгө жана коомдогу укуктук тарбияны өнүктүрүүгө, ошондой эле Конституциянын негизги баалуулуктарын жайылтууга чоң салым кошорун белгилеп өттү. 

“Конституционализм — бул жөн гана укуктук категория эмес, бул мамлекет менен жарандын мамилелерин аныктаган баалуулуктардын  тутуму. 
Ал мыйзамдын үстөмдүгү, бийликтин чектелиши жана адам укуктарынын корголушу сыяктуу негизги принциптерге негизделет. Конституционализм — бул туруктуу, адилеттүү жана демократиялык принциптерге негизделген биздин мамлекетибиздин  пайдубалы”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчынын пикиринде,  коомдун укуктук маданиятына конституционализмди сиңирүү менен Баш мыйзамга сый-урматты калыптандырууга болот. Аны мектептеги укуктук сабаттуулуктан баштап, мамлекеттик жана коомдук институттардын ишине чейин улантуу керек. 

“Конституционализмди чыңдоодо укук адистерин даярдоо дагы өтө маанилүү. Болочоктогу юристтер, судьялар, адвокаттар, укук коргоочулар — бул конституциялык принциптерди турмушка ашыруучу инсандар. Ошондуктан Кыргызстандын юридикалык жогорку окуу жайларынын биргелешип билим берүү программаларын жакшыртуу жана укук менен адам укуктарынын айкалышын камсыздоого артыкчылык көрсөтүү керек”, - дейт ал.

Акыйкатчы Институту адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барып, негизги мыйзамдын талаптарынын аткарылышына көмөк көрсөтүп келет.

“Форумдун жүрүшүндө айтылуучу ойлор жана сунуштар сөзсүз түрдө биздин укуктук жана демократиялык коомубузга пайда келтирет деп ишенем. Акыйкатчы институту бул ишке өнөктөш болууга ар дайым даяр”, - деп Жамиля Жаманбаева сөзүн жыйынтыктады.