Жаманбаева Түркиянын акыйкыйкатчысына Стамбулда кармалган мугалим боюнча кайрылуу жолдоду
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Түркия Республикасынын Омбудсмени Мехмет Акарчага Стамбулда кармалган Азамат Нурмат уулу боюнча кат жолдоду.
Катта Акыйкатчы кыргызстандык мугалимдин кармалышына тынчсыздануусун билдирди.
Жамиля Жаманбаева адам укуктарын коргоонун жалпы баалуулуктарына негизделген эки өлкөнүн институттарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө умтуларын баса белгилейт.
“Адам укуктары боюнча эл аралык укук ченемдерин сактоого биздин жалпы умтулуубузду эске алуу менен, Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде Азамат Нурмат уулунун укуктарын камсыз кылууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен сизге кайрылууну туура көрдүм”, - дейт Акыйкатчы.
Андан тышкары, Жамиля Жаманбаева Мехмет Акарча кыргыз жараны Азамат Нурмат уулунан кабар алып, аны кармоо шарттарына жана аны кармоо учурунда процессуалдык бардык талаптардын аткарылышына ишеним артарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Маариф" фондуна караштуу К. Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими, 1992-жылы туулган Азамат Нурмат уулу 2025-жылдын 20-апрелинде Стамбул эл аралык аэропортунда кармалган. Ал окуучуларын Анталья шаарында өтө турган эл аралык олимпиадага коштоп бара жаткан.