Жаманбаева “БУУ - Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору менен жолугушту
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева “БУУ - Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Сайед Садик менен жолугушту.
Тараптар өнөктөштүктү бекемдөө, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди, ошондой эле, гендердик теңчиликти илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Акыйкатчы аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери институттун ишинин артыкчылыктуу багыттары экенин белгиледи.
Жамиля Жаманбаева 2024-жылы институт эрте никенин алдын алуу максатында бир районго пилоттук долбоор катары мониторинг жүргүзгөнүн билдирди.
2025-жылы мындай изилдөөлөрдү кеңейтип, өлкөнүн бардык аймактарын камтуу пландаштырылууда.
Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунан жашы жете электер менен никеге турууга жол берген жобону алып салуу зарыл деп эсептей турганын белгиледи.
“Институт Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясынын 48-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады, анда, жашы жете электердин катышуусу менен эрте никеге турууга жол берилиши көрсөтүлүп калган”, - деди ал.
Өз кезегинде, Сайед Садик Кыргызстандагы “БУУ - Аялдар” түзүмү Акыйкатчы Институту менен кызматташууну бекемдөөгө кызыктар экенин билдирди.
“Сиздердин институттун жетишкендиктери мени абдан кубандырат. Андан да, аялдардын жана балдардын укугун коргогон институтту аял киши жетектеп турганы мени абдан сүйүндүрөт”, - деди ал.