Жаманбаева: Акыйкатчы Институту санариптик чөйрөдө адам укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурууда

20/08/2026 - 18:11

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Ташкентте өткөн “Санариптик трансформация шартында адам укуктары: заманбап мамилелер” аттуу эл аралык конференцияга катышты. 

Иш-чарага бир нече өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 

Конференциянын катышуучулары санариптик дүйнөдө аялдардын, жаштардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын, жеке маалыматтарды коргоону, интернеттеги коопсуздукту, кибербуллингди талкуулашты. 

Жамиля Жаманбаева үчүнчү сессияда “Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо: инклюзивдик кызматтар жана тең укуктуу катышуу” деген темада сөз сүйлөдү. 

Акыйкатчы өз сөзүндө Кыргызстан былтыр санариптик кызматтардын инклюзивдүүлүк принцибин жана колдонуучуларды майыптыгына байланыштуу басмырлоого жол бербөөнү бекемдеген Санариптик кодексти кабыл алганын белгиледи. 

Жамиля Жаманбаева санариптик технологиялардын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен, Акыйкатчы Институту санариптик чөйрөдө адам укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

Мисалы, 2026-жылдын июнь айында институт 20 мамлекеттик органдын расмий интернет-ресурстарын мониторинг жүргүзүп, санариптик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн баалаган. Текшерүү санариптик контенттин жеткиликтүүлүгү боюнча WCAG эл аралык стандарттарын колдонуу менен жүргүзүлгөн. 

Институттун кызматкерлери ар кандай майыптыгы бар адамдар сайттарды өз алдынча колдонуу, керектүү маалыматты табуу, электрондук формаларды толтуруп, жардамсыз кызматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүн баалашкан. 

Жыйынтыгында, төрт интернет-ресурсу жарым-жартылай жеткиликтүү деп табылган.  Мамлекеттик органдардын сайттарынын көпчүлүгү майыптыгы бар жарандарга ыңгайлашкан эмес.  

«Биз бул жыйынтыктарды айрым мамлекеттик органдардын ишинин баа катары эмес, биринчи кезекте санариптик чөйрөнү өркүндөтүү куралы катары карайбыз. Институт укук  бузууларды гана аныктабастан, анын алдын алууга жардам бериши керек», — деди Жамиля Жаманбаева. 
Акыйкатчы майыптыгы бар адамдарды санариптик кызматтарды сыноого тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул адамдын кызматты өз алдынча алуу мүмкүнчүлүгүн реалдуу баалоого мүмкүндүк берерин кошумчалады. 

Жамиля Жаманбаева конференцияда институттун санариптик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да айтып берди. 

Азыркы учурда жарандар Омбудсменге «115» ишеним телефону, расмий сайты, электрондук почта, WhatsApp, Telegram жана башка санариптик каналдар аркылуу кайрыла алышат.

2025-жылы «115» ишеним телефонуна дээрлик 4 миң кайрылуу келип түшкөн, бул 2024-жылга салыштырмалуу бир жарым эседен ашык. Ал эми 2026-жылдын алгачкы жети айында электрондук кайрылуулардын үлүшү 40% дан ашкан. 

Кийинки маанилүү этап «Акыйкатчы» автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү болот. 

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар «Адам укуктарынын санариптик трансформация контекстиндеги Ташкент декларациясын» кабыл алышты. Анда улуттук укук коргоо мекемелеринин санариптик чөйрөдө адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөдө, жарандардын кайрылууларын кароодо жана мамлекеттик органдарга сунуштамаларды даярдоодо маанилүү ролу белгиленген.

Ташкентке болгон сапарынын алкагында Жамила Жаманбаева «Чечимдерди кабыл алууда аялдардын лидерлиги» аттуу диалогго да катышып, анда мамлекеттик башкарууда аялдардын ролу, тажрыйба алмашуу жана аял лидерлерди колдоо талкууланды.