Жалал-Абад өкүлчүлүгү укук жаатында иш чараларды өткөрүштү

20/06/2019 - 16:30

2019-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында «Эл аралык толерантуулук үчүн» фонду менен биргеликте Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын кичи залында «Калкты укуктук камсыздоо туурасында» иш чара өткөрүп, Акыйкатчынын укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилди. Ошондой эле катышуучуларга юридикалык консультациялар берилип, буклеттер таратылды.

Акыйкатчынын Жалал-Абад өкүлчүлүгүндө «Бир дүйнө – Кыргызстан» коомдук уюму менен биргеликте дагы бир иш-чара өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарынын тургундарына адам укуктары боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүп, келген жарандар юридикалык жаттагы суроолоруна жооп алып кайтышты.